Роман-герман укук тутуму

Википедия дан

Роман-герман укук тутуму – азыркы (англо-америкалык, мусулман менен катар эле) негизги укук тутумунун (үйбүлө) бири. Р-г. у. т-нун негизги бөтөнчөлүгү Рим укугунун негизинде түзүлгөндүгүндө турат. Азыркы учурда ал топко континенттик Европа өлкөлөрүнүн баары кирет (ошондуктан ал кээде континенттик деп да аталат). Мындан сырткары, ага Латын Америкасындагы мамлекеттердин, Африка менен Азиянын көпчүлүк бөлүгүнүн укук тутумдары кирет. Көп өлкөлөрдө Р-г. у. т. жергиликтүү, салттуу укук менен эриш-аркак жүрөт: Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө – мусулман менен, Японияда – салттуу адептик-укуктук ченемдер менен, Африкада – жөнөкөй укук менен. Р-г. у. т. үчүн жетиштүү деңгээлде жалпыланган (шарттуу) ченем, укуктун жекече жана жарыя болуп бөлүнүшү, аргандай укук тармактарына бөлүнүүсү мүнөздүү. Укуктун башкы булагы катары мыйзам таанылып, мыйзам чыгаруучу негизги укук тармактарын кодификациялоого умтулат. Сот жосуну, англо-америкалык укуктан айырмаланып, жардамчы булак катары мааниге ээ, же мындай булак катарында таптакыр эле таанылбайт. Роман-герман укук булактарынын арасында каадалардын орду чектелүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]