Рухий өндүрүш

Википедия дан

Рухий өндүрүшрухий байлыктар өндүрүүгө (сактоого, жайылтууга жана пайдаланууга) багытталган рухий ― тажрыйбалык жана теориялык ишмердикти туюндуруучу түшүнүк.

Эгерде материалдык өндүрүштүн натыйжасы – материалдык байлыктар, мүлктөр болсо, Рухий өндүрүштүкү ― рухий байлыктар, идеялардын дүйнөсү. Эгерде материалдык өндүрүш тикелей пайда тийгизчү, колдонмо баалуулуктарды жаратууга багытталса, Рухий өндүрүш – билим дүйнөсүн өндүрүүгө багытталат. Рухий өндүрүштүн куралы болуп, тигил же бул ой жүгүртүү формалары кызмат аткарат да, аларга жардамчы иретинде тийиштүү материалдык каражаттар да пайдаланылат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8