Рязанов, Василий Георгиевич

Википедия дан

Рязанов Василий Георгиевич (12 (25). 1. 1901, - 8. 7. 1951, Кисловодск) - эки жолу Советтик Союздун Баатыры (22.02.1944[1], 1945), авиациянын генерал-лейтенанты (1943).

1920-жылдан КПСС мүчөсү. 1920-жылдан Кызыл Армияда. 1926-ж. учкучтардын Аскер мектебин, 1935-ж. Н. Е. Жуковский атындагы Аба флот академиясын бүткөн. 1939-40-ж. совет-финн согушуна катышкан. Улуу Ата-Мекендик согуш (1941-45) убагында Түштүк-Батыш, Түштүк, Калинин, Түндүк - Батыш, Воронеж, Талаа, 2- жана 1-Украин фронтторунда салгылашып, ААКта 5-армиянын командачысына орун басарлыктан 1-штурмалоочу авиация корпусунун командирине чейин жеткен. Согуштан кийин аскердик жооптуу кызматтарда. Эки Ленин ордени, 3 Кызыл Туу, 1-дараж. Богдан Хмельницкий, 2-дараж. Суворов, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар, ошондой эле чет өлкөлүк ордендер менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Советского Союза генералам, офицерскому, сержантскому и рядовому составу Красной Армии» от 22 февраля 1944 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1944. — 5 марта (№ 13 (273)). — С. 1