Сабир

Википедия дан

Сабир [өз аты-жөнү - Мирза Алекпер Таирзаде; 19(31). 5. 1862, Шемаха шаары - 12(25). 7. 1911, ошол эле жер] - азербайжан акыны, сатирик. Алгач медреседен, кийин акын С. А. Ширванинин мектебинен окуган. Адегенде лирикалык казал, революция жылдарында (1905-07) жарандык мотивдеги ырларды жазган. «Молла Насреддин» сатиралык журналын чыгарууга катышкан. Ал прогресске кедерги болгон фанатиктерди, элге жат интеллигенттерди, молдолорду ар кандай лакап ат менен сындап, элди билим алууга, азаттыкка чакырган. Сабирдин чыгармалары азербайжан тилиндеги пролетардык адабияттын алгачкы үлгүлөрүнүн бири катары азербайжан адабиятына негиз болгон. Анын «Хоп-хоп-наме» (1934) ырлар жыйнагы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]