Садыбакасов Кемел Аманович

Википедия дан

Садыбакасов Кемел Аманович 1924-жылы Кемин районуна караштуу Кичи Кемин айылында туулган.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1948–1950-жылдары Кыргыз¬стан КПнын Ош облус¬тук ЛКСМдин I катчысы, 1950–1954-жылдары Кыр¬гызстан ЛКСМ борбор¬дук комитетинин кадр боюнча катчысы, 1956-жылы Тянь-Шань обкомунун мектептер бөлүмүнүн башчысы, 1956–1958-жылдары Куланак райкомунун I катчысы, 1958–1960-жылдары Ат-Башы райкомунун I катчысы,1963–1964-жылдары Ош облустук кеўешинин төрөагасы ж.б. болуп иштеген. 1946–1948–1954–1956-жылдары Москва шаарында КПССтин борбордук комитетинин алдындагы жогорку партиялык мектептин угуучусу болгон. 1960–1963-жылдары Кыргызстан КПнын Тянь-Шань облустук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кызыл Жылдыз», II даражадагы «Ата Мекендик согуш», II–III даражадагы «Даңк», 3 жолу «Ардак белгиси» ордендери жана «Эрдик», «Варшаваны бошотуу үчүн», «Берлинди алуу үчүн», «1941–1945-жылдары Германия менен болгон Улуу Ата Мекендик согуштагы жеўиш үчүн», «Эмгектеги жетишкендиги үчүн» медалдары менен сыйланган. 1982-жылы ошол эле өзү туулуп-өскөн айылында бул дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын облусуна 70 жыл.Энциклопедия Б,2009