Садыр Арзымат уулу

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Садыр Арзымат уулу (Садыр баатыр, хан Садыр), (т.ж. белгисиз - 1780-ж. өлгөн ) - кыргыз элинин эркиндиги үчүн күрөшүүчү, колбашчы, баатыр, саяк уруусунун кааба уругунан. Баатыр Барак балбандын тукумунан. Cаяк уруусунун каба уруусунан чыккан жана XVIII кылымдагы кыргыз башчыларынын бири. Кетмен-Төбөдө туулган.
Сарыбагыш Көкүл бийдин жээни.
Тарыхчы Белек Солтоноевдин ырастоосунда XVIII кылымдын экинчи жарымында бүткүл арка кыргызына кадыры таанылган элбашылардын бири.
Казак ханы Аблайга каршы согуштун тукуруучуларынын бири.
Жаштайынан айбаттуу, жоокер чыгып , эр Садыр аталган ,кийин бүткүл кыргызга таанылган. Кыргыз калкын, кыргыз жерин чет жердик баскынчылардан коргоп, абыройлуу колбашчы болгон. Талас аймагына коркунуч пайда боло баштаганын баамдап, Чонкапка капчыгайынан чыга беришиндеги Кызыл мойнок ашуусунун этегине ордо куруп, көргөн салдырган. Ал жер «Садыр коргон» деп аталып калган. Садыр баатырдын бул коргону кийин суу сактагычтын алдында калгандыгы жөнүндө илимде жазылган. Садыр баатырдын казак баатырлары Жанек, Абак, Көкжал Барактар женилишкен. Садыр баатырдын аскердик күчү абдан кубаттуу болгондуктан, коншу Улуу жуз казактардын уруу башчылары Сараркадагы Аблай хандан жардам суроого мажбур болушкан.

Казак ханы Аблайга каршы күрөшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уйсун казактарынан чыккан Бердикожо кыргыздарга чабуул коюп, жылкыларга тие берет. Кыргыздардын Садыр баатыры менен Момокон баатыры аны Чымкентке чейин сүрүп барат. Казак Уйсун уруусунан Жапектин Кооман деген уулу өлөт , Бердикожо мындан 20-25 жыл илгери Ташкент шаарындагы талашта өлтүрүлгөн Кара Байтигинин кунун кубалап жүргөн болсо эми ага Жапектин куну дагы кошулат. Алар Аблай хандан жардам сураганга мажбур болушкан Аблай хан, «Мен кыргыз деп аттанбайм, Садыр деп аттанам, аттангыла үч үйдөн - бир адам, эки адамга үч ат алгыла, эки адамьң бир бээ сүтүн ичесиң, талкан алгыла!» - деп Аблай хан буйрук берип жолго аттанат.
Аблай хан жолдо келе жатып Ташкентти алат. Кыргыздарга элчи жиберип ортодогу чыр-чатакты тынчтык жол менен чечмек болот. Биринчи ирет Кыргыздардын урууларынан 40 элчи Ташкентке жөнөтүлгөн.Садырдын элчисин кабыл алат, алардын ичинде бизге белгилүү Түлөберди да болгон. Түлөберди Аблайдын уруксаты жок өлтүргөн эмес, андан кийин бардык элчилер ким күнөлүү, эмес деп талашып-тартышып атканда Түлөберди Аблай хандын дагы уруксааты жок бир дагы үн каткач эмес, ал ошол элчилик сапарында мактоого, Аблай хандын алкышына татыган. Аблай хан Эсенгул Тебек бийди Садыр баатырга жиберет. Садыр өзүн ханмын деп дөөгүрсүп турган:- Мен тааныбаган Сарт кулга көрсөтөм! - дейт. Сарт кул деп ал Аблай ханды айткан. Садыр баатыр менен Момокон кан достордон болот - моңолдор , черик, саяк биз жакта, сен кошулсан солю дагы кошулат деп Момоконду көндүрөт.
Бирек Алайдын башчылары келип Момоконду Садырга кошулбасын суранышат.
Момокон достуктан кечет. Аблай хан кыргыздарга каршы көп кол менен келип Чүйдөгү элди чаап , андан соң Таласка бет ала баштайт. 1780- жылы ал Садырды жана уулу Доскулуну кармап алып, туткунга түшүргөндүгү жөнүндө маалымат булактарында бар.
Садыр баатырдын уулу Доскулун туткундан качууга коп аракеттенип, салгылашып жатып өлгөн, алардын сөөгүн туугандары сурап алышып, Таластагы Үчкоргон деген жерге коюлган.
Садырдын эрдиги жөнүндө көп малыматтар бар, анын кыргыз элин, кыргыз жерин, өзгөчө Талас өрөөнүн сактап калганга көп аракетин жумшагандыгы жөнүндө тарыхчылар белгилеп келишет.

Пайдаланылган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Закиров С. Кыргыз санжырасы.-Б 1996.
Кыргызстан тарыхы. Энциклопедия.-Б., 2003.
Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-2 китеп.-Б., 1993.
Талас облусу. Энциклопедия.-Б., 1998.
Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева. -Б. Ө./ - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. -Том 1-6.