Сакал каган

Википедия дан

Сакал Каган – 706–711-жылы Түргөш мамлекетин башкарган каган.
Үч-Элиг кагандын уулу. Ал бийликке келген мезгилде кагандыктын ички жана тышкы абалы оор болгон. Түргөштөргө бир эле учурда Тан империясы (Кытай), чыгыштан түрктөр, батыштан арабдар коркунуч туудуруп турушкан. Согдулуктар менен бирге, Орто Азияга басып кирген арабдарга каршы аскердик жүрүштөр уюштурулган.
Сакал каган 709-жылы Аньсиге кол салып, кытай аскерлерин жеңип, наместнигин өлтүрөт.
Арабдардын таланттуу аскер башчысы Кутейба ибн Муслимге караганда күчкө толуп келе жаткан Чыгыш Түрк кагандыгы башкы коркунуч болучу. Жаңы түзүлгөн саясий кырдаалда Түргөш кагандыгы, Кыргыз мамлекети, Тан династиясы Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгына каршы үчилтик коалициясын түзүшкөн эле. Чыгыш түрктөрдүн башкаруучусу Капаган каган амалдуулук менен союздаштарга биринчи сокку урмай болгон жана келишим боюнча Тан Кытайын бейтарап кыла алган. Саян аркылуу ашып өтүшүп, бейкапар жаткан кыргыздарды талкалашат. Андан соң, Капаган каган Алтай аркылуу өз аскерлерин Иртышка жашыруун алып өтүп, Болуку деген жерде түргөштөрдүн көп сандагы аскерин талкалаган.
Сакал каганды колго түшүрүп, дарга асышкан. Түргөштөрдүн жерлери убактылуу Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын курамына өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]