Салбай Оймочу

Википедия дан

Салбай Оймочу (туулган, өлгөн жылдары белгисиз) — Нарын өрөөнүнө кара аттын кашкасындай белгилүү көркөм оюмдардын ээси Салбай оймочу Ат-Башы районувдагы Ах-Муз айылында моңолдор элинен чыккан. Кылым толтура кыдырган, калк кадырлаган оюмдардын бири «Салбай оюм» алыс менен жакынга бирдей тараган. Аны Чүйдөн да, Көлдөн да, Жумгалдан да, Ак-Талаадан да, Нарындан да кезектирүүгө болот. Октябрь революциясына чсммн эле элге кеңири тараган анын көркөм оюндарын чеберлер кийиз менен чий буюмдарына бирдей пайдаланышкан. Салбай өнөр даарыган даана сүрөтчү болгон. Ал бар болгон талантын жалаң ушул оюм-чийимге оодарып таштаганы өзүнөн өзү көрүнөт. Бул оюмдун нукуралыгы бөтөн көзгө да даана билинет. Башка көркөм оюмдардан анын айдан ачык айырмасы буюмга түшкөн көркөмдүк такта-такта болуп, ал ич ара омурткаланат. Мунун мүнөздүү белгилери «кыяп оюму», «кочкор мүйүз оюму», «бадам оюму» сыяктуу элдик атактуу оюмдардан да өзүнчө окчун айырмаланат. Уздун аты менен айтылып калган оюмдардан бул нагыздыгы, алымча-кошумчасыз жашап, кылым бойлоп, көөнөрбөй келе жаткандыгы менен бөтөнчө бааланат. Мында чебердин ойлоп табуучулук касиети курч жана күчтүү экендиги көрүнөт. «Салбай оюмдун» ажарында кызыл жана көк өң эриш-аркак айкалышып турат. Азыр фабрикалардан, бирикмелерден чыгарылып жаткан азык-түлүк товарларынын кутучаларында ж. б. да «Салбай оюм» көп колдонулууда. Эмгеги баттамада.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0