Сальвадорлуктар

Википедия дан

Сальвадорлуктар (өздөрүн сальвадореньос деп аташат) - эл, Сальвадордун негизги калкы. Жалпы саны 5300 мин киши, анын ичинде 5100 миңи Сальвадордо (2000). Ошондой эле АКШда жана Борб. Америка өлкөлөрүндө да жашашат. Испан тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - католиктер. 16-19-кылымда С. испандар менен жерг. индейлердин (пипиль, ленка, майя), анча-мынчасы негрлердин аралашуусунан калыптанган. С. дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]