Санак ырлары

Википедия дан

Санак ырларыкыргыз оозеки чыгармачылыгында учураган, балдарды саноого үйрөтүү, эсептей билүүгө көнүктүрүү мүнөзүндөгү чыгармалар. Алар балдарга гана эмес, кээде чоңдорго да арналып, философиялык маани-мазмунга ээ болот. Мисалы,

– Бир деген эмне?
– Бир деген – бир Кудайдын аты.
– Эки деген эмне?
– Эки киши эрикпейт.
– Үч деген эмне?
– Үч бутталуу ат кетпейт.
– Төрт деген эмне?
– Төрөлүү журт бузулбайт.
– Беш деген эмне?
– Бешикте бала ыйламайын эмчек бербейт.
– Алты деген эмне?
– Алты ак баш атанга жүк арткан муңайбайт.
– Жети деген эмне?
– Желкесинен ок тийген оңбойт.
– Сегиз деген эмне?
– Серкелүү кой суу кечет.
– Тогуз деген эмне?
– Тогуз кат торко кийген суукка тоңбойт.
– Он дегеничи?
– Он – оюң.
– Он бир деген эмне?
– Он бир – коюң.
(Элдик ыр)

же,

Биринчи жаман – бийликтен калган кан жаман.
Экинчи жаман – энеси жок кыз жаман.
Төртүнчү жаман – төрөсү акмак журт жаман.
Бешинчи жаман – беш көкүлүндө калган тул жаман.
Алтынчы жаман – атасы өлгөн уул жаман.
Жетинчи жаман – жери сатылган кул жаман. 

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004