Сапаралиев, Алтынбек

Википедия дан
Сапаралиев Алтынбек

Сапаралиев Алтынбек (1947-ж. т., Талас облусу , Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы) — эстрада ырчысы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1976). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2017)


1965-ж. Бишкек айыл чарба техникумун (Кант ш.) бүтүргөн.
1965—68-ж. айылында зоотехник-селекционер.
1968—70-ж. Т. Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык эстрадалык студияда окуган.

1970-жылдан Ч. Кожомжаров жетектеген алгачкы кыргыз эстрадасынын ырчысы.
1989-жылдан кыргыз филармониясынын кыргыз концерт бөлүмүнүн жетекчиси. 1990-жылдан «Кыргызконцерт» фирмасынын көркөм жетекчиси.

1970-жылдан профессионалдык сахнага чыгып ырдай баштаган.
Алгачкы аткарган эстрадалык ыры Д. Жакшыбаевдин «Күтө, күтө зарыгам» аттуу ыры (1970). Андан кийин «Кантың бар» жана башка көптөгөн эстрадалык ырларды аткарган.
Кыргыз эстрадасынын түптөлүшүнө зор салым кошкон.

1974—83-ж. Сирия, Түркия, Алжир, Тунис, Йемен, Вьетнам, Лаос, Монголия, Конго жана башка чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. КМШ өлкөлөрү боюнча өткөрүлгөн көптөгөн конкурстарга катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ЭЛДИК ЭСТРАДА ЫРЧЫ Archived 2011-12-17 at the Wayback Machine
Алтынбек Сапаралиев - ТОО ГYЛY