Сарымсаков, Мухамед Кадырович

Википедия дан

САРЫМСАКОВ Мухамед Кадырович (1886–?) – Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдөн. 1917-жылы жайында оорук жумуштарынан кайтып келген. Мусулман жумушчулар жана чайрыкерлер депутаттары нын Ош советин түзүүнүн демилгечилеринен болгон. 1918-жылы январда Ош уезддик Советин кайра шайлоого жетекчилик кылган. 1918-жылы июлда эски Оштогу большевиктик топту уюштурушкан. Кийин партиялык жана советтик жооптуу кызматтарда иштеген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.