Сарычашма тоосу

Википедия дан

Сарычашма тоосуАлай тоо кыркасынын түндүк тармагы. Раут ж-а Калаймахмуд сууларынын (Сохтун сол куймалары) аралыгында кеңдик багытында 20 кмге созулат.

Туурасы 5–6 км. Орт. Бийикт. 3600–3800 м, эң бийик жери 4005 м. Кыры аска-зоокалуу, капталдары тик, кокту-колоттуу. Силурдун сланец, кумдук, акиташ теги, конгломерат ж. б. тектеринен турат. Көмүр кендери бар. Бадалдуу шалбаа-токой (арча 2700–3000 м бийиктикке чейин), бадалдуу-талаа (3000–3200 м) ж-а субнивалдык муздак чөл ландшафттар мүнөздүү. Жайкы жайыт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2