Сасык тумоо

Wikipedia дан
Сасык тумоо

Сасык тумоовирустар жана бактериялардын айрым түрлөрү пайда кылуучу жогорку дем алуу органдарынын (мурундун, кекиртектин, трахеянын, бронхтордун), кээде көздүн былжыр челинин сезгениши менен өтүүчү, клиникалык белгилери окшош жугуштуу оорулар.

Оорунун пайда болуу себептери[оңдоо]

Аны менен көп учурда жаш балдар ооруйт. Себеби алардын организминде анын козгогучтарына каршы коргоочу заттардын (иммунитеттин) жоктугуна байланыштуу болот.
Сасык тумоону аденовирустар, парагрипп вирустары, риновирустар жана башкалар вирустар, бактериялар чакырат. Сасык тумоо жылдын жылуу мезгилинде сейрек учурап, суук мезгилинде эл арасында массалык (эпидемиялык) же көп таралат. Оорунун булагы — оорулуу киши. Вирустар дени соо кишинин дем алуу органдарына аба менен кирип, алардын былжыр кабыкчаларынын клеткаларына өтүп, ошол клеткаларда өсүп көбөйөт да, алардын бузулушуна жана сыйрылып түшүшүнө алып келет. Бул учурда козгогучтардын айрымдары өлүп, ошону менен катар уу заттарды (эндотоксинди) бөлүп чыгарышат. Вирустардын аралашмасы бар клеткалар бөлүнүп, сүйлөгөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, какырык же шилекей тамчылары, мурун суюктугу менен абага бөлүнүп чыгып, аны булгайт. Ушул булганган аба менен дем алганда вирустар кайра дем алуу органдарына жугат. Сасык тумоо үй-тиричилик буюмдары (идиш-аяк, сүлгү, оюнчук жана башкалар) менен да жугушу ыктымал.

Парагрипп[оңдоо]

Парагриппти чакырган вирустар сырткы чөйрөнүн таасирине анча туруктуу эмес. Парагрипп жылдын бардык мезгилинде кездешет. Бирок оору суук мезгилде көп болот. Ал оорулуу кишиден жугат. Көбүнчө балдар ооруйт. Оорунун жашыруун мезгили 3—4 күнгө созулат. Оору башталганда мурун бүтүп, жөтөлөт, эти анча ысыбайт. Бир жаштан 3 жашка чейинки балдарда муунткан дем кыстыгуу пайда болот. Ал кекиртектин былжыр челинин сезгенишинен шишик пайда болуу менен түшүндүрүлөт. Оорулуунун дем алуусу кыйындап, үнү кырылдайт. Айрым учурда өпкөнүн, кулактын, алкым бездеринин кабылдоосуна алып келиши мүмкүн. Кабылдоо айрыкча жаш балдарда көп болот. Парагрипптин кабылдап кеткен түрлөрүн ооруканада дарылайт.

Риновирус ооруларын пайда кылган вирустар[оңдоо]

Риновирус ооруларын пайда кылган вирустар 50°ка чейинки ысыкта 2 саатка чейин сакталат. Ал жылдын бардык мезгилинде бирин-серин кездешет. Оорунун көбөйүшү кыш айларында көбүрөөк байкалат. Анын жашыруун мезгили 2—3 күнгө созулат. Оору сыркоологон кишинин тынчын кетирип, кыңкыстатып башталат. Оорулуунун температурасы калыбында болот же бир аз көтөрүлөт. Башы ооруйт, мурду бүтөт андан суюктук көп бөлүнүп чыгат, жөтөлөт. Риновирустарга жаңы төрөлгөн жана эмчектеги балдар өтө сезгич келишет. Ошондуктан бул жаштагыларда дарт оор өтөт, кабылдап кетиши (өпкө, ортоңку кулак сезгенет) мүмкүн.

Респиратордук-синцитиаль вирус[оңдоо]

Респиратордук-синцитиаль вирус оорусун синцитиаль вирусу чакырат. Вирус сырткы чөйрөнүн шартына өтө туруксуз, ал бөлмө температурасында өтө тез өлөт. Ал оорулуу кишиден соолорго аба аркылуу дем алуу органдарына жугат. Оору денени 38—39°ка чейин ысытып башталат; мурун бүтүп, жөтөл пайда болот. Өпкөнүн бронхторунун сезгенүүсү байкалат. Айрыкча бир жашка чейинки балдарда көп кезигет жана өмүрүнө өтө коркунучтуу. Мындай балдарды тезинен ооруканага жаткызып дарылоо талапка ылайык. Сасык тумоо үйдө дарылаган учурда, аларды өзүнчө бөлмөгө жаткызып, гриппти дарылагандай дарылайт. Оорулууну баккан үй-бүлө мүчөлөрү дакиден жасалган маска тагынып, аны мезгили менен жууп, үтүктөп туруу зарыл. Ошондой эле оорулуу жаткан бөлмөнү маалы менен желдетип, убактысы менен төшөнчү, кийимин алмаштырып туруу талапка ылайык. Оорулуунун эти ысыса аны жылуулап жаап, лимон же дан куурай кыямы салынган чай берип, тердетүү керек. Оорулууга суюктукту (чай, жемиш маңызын, компот жана башкалар) көп берген жакшы. Сыркоологон кишинин тамак-азыктары жеңил сиңимдүү жана белок заттарга, мөмө-жемишке бай болушу зарыл. Оорулууга өзүнчө идиш бөлүп, аны колдонгондон кийин кайнатып, жууп, бөлмөнүн полун, буюмдарды күнүнө 2 жолу ным чүпүрөк менен сүртүп туруу керек.

Алдын алуу[оңдоо]

Сасык тумоону алдын алуу чаралары грипптики сыяктуу болот. Ошондуктан ал массалык башталганда жалпы коомдук жайларда, балдар мекемелеринде, ооруканаларда, тамак-аш ишканаларында санитария-гигиеналык, эпидемияга каршы эрежелердин так сакталышы талап кылынат. Бул ооруларды алдын алууда дененин коргонуу күчүн чыңдоо, физкультура жана спорт менен машыгуу, ошондой эле туура жана сапаттуу тамактануу чоң мааниге ээ (Аденовирус оорусу).

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8