Сатылганов Токтогул атындагы Ысык-Көл областтык мектеп-лицей интернаты

Википедия дан

Жалпы маалымат:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернаты 1991 жылы негизделген. Мектепте таланттуу окуучулар окуп билим алуусу үчүн шарттар түзүлгөн. Мектепте окуучулар физика-математикалык, химия-биологиялык, чет-тилдер, экономика, кыргыз филологиясы жана журналистика багыттары боюнча билим алышат. Мектепте ар түрдүү музыкалык, спорттук ийримдер иштейт.

Окутуучулар жааматы:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектептин директору - Жапаров Алтынбек Дүйшеевич, “Эл агартуунун отличниги”. Мектепте 63 мугалим эмгектенет. Анын ичинен 61 мугалим - жогорку билимдүү, 1 - “Эл мугалими”, 1 - “Кыргыз республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер”, 33 - “Эл агартуунун отличниги”. Мугалимдер областтагы мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүп турат. Мектепте насаатчы, эл аралык машыктыруучулар бар. Мугалимдер ар кандай программаларга катышып, чет мамлекеттерде тажрыйба алмашууда.

Окуучулар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011/2012 - окуу жылында мектепте 553 окуучу билим алышууда. Анын ичинен - 300 кыз, 253 – эркек. Жалпы окуучулардын 62% жатаканада жатып окушат. 2010/2011 – окуу жылында аймактык олимпиадага 42 окуучу катышып, 9 окуучу 1 - орун, 4 окуучу 2 – орун, 5 окуучу 3 – орун ээлешти. Республикалык олимпиадага 9 окуучу катышып , 1 окуучу 2 – орун , 2 окуучу 3 – орун , 2 окуучу – Ардак Баракча менен сыйланды.

Долбоорлор:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектеп негизделгенден баштап ар түрдүү долбоорлор менен тыгыз иш алып барат 1994 – жылдан бери Сорос фондунун пилоттук мектеби. Бул долбоордун алкагында “ Лидер мектептердин трансформациясы” , “ Мектеп парламенти “, “Дебат” , программалары ийгиликтүү иш алып барды. USAID каржылаган ПИКС долбоору мугалимдердин жана окуучулардын өзүн - өзү өнүктүрүүсүнө чоң салым кошту. Дүйнөлүк банк каржылаган “ Айылдык билим берүү” долбоору мектептин өнүгүүсүнө өз салымын кошууда. Мектеп 2009 – жылдан бери АКШ элчилигинин пилоттук мектеби. 2009 – жылдан баштап IREX уюму жетектеген ” Билим берүүдөгү заманбап технологиялар” программасы иш алып барууда.