Саякбаев Калмак

Википедия дан

Саякбаев Калмак (1920–1998) - котормочу.

Калмак Саякбаев Ак-суу районуна караштуу Тегизчил айылында 1920-жылы туулган.
1940-жылы Фрунзедеги медицина техникумун бүтүргөндөн кийин Ленинполь жана Ала-Бука райондорунда фельдшер, Ала-Бука райондук аскер комиссариатында кызмат кылган.
1944-жылдан “Советтик Кыргызстан» гезитинин редакциясында адабий кызматкер, Кыргыз телерадио комитетинде улук редактор, «Кыргызстан» басмасында редактор, улук редактор Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий консультант, «Ала-Тоо» журналынын жооптуу катчысы болгон.
1954-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
К.Саякбаевдин балдар үчүн жазган аңгемелери республикалык басма сөздө 1948-жылдан тартып жарык көрө баштаган.
Ал И.А.Гончаровдун, В.Г.Короленконун, А.Куприндин, М.Горькийдин, К.Фединдин, Ю.Фучиктин ж.б. жазуучулардын чыгармаларын которгон.
К.Саякбаев 1967-жылдан СССР Жазуучулар союзунун жана 1958-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.
К.Саякбаев СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен «1941–1945-жылдардагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына “Каарман эмгеги үчүн» медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен үч жолу сыйланган.

КОТОРМОЛОРУ

Носов Н. Витя Малеев үйүндө жана мектепте: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 232 б.

Брудный Д. Актердун жолу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 55 б.

Дервильи. Тарыхка чейинки баланын окуясы: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 106 б.

Гончаров И. А. Обломов. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 624 б.

Залка Матэ. Мекенде: Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 120 б.

Чехов А. П. Черный монах: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 32 б.

Гончаров И. А. Жар: 5 бөлүктөн турган роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 782 б.

Федин К. А. Бөтөнчө жай: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 783 б.

Федин К. А. Жалын: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 456 б.

Фраерман Р. И. Жапайы ит Динго же ууз сүйүү баяны. – Ф.: Мектеп, 1971. – 133 б.

Марков Г. Хингандын шумкарлары: Повесть. – Ф.: Кыргызстан,1972. – 304 б. (Ш.Абдылдаев менен бирге).

Белов В. Айыл баяндары. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 160 б.

Борзунов С. Чабуулдан чабуул.: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1974. – 82 б.

Куприн А. И. Ак кандек: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1974. – 132 б.

Добролюбов Н. А. Обломовчулук деген эмне?: Сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 58 б.

Федин К. А. Шаарлар жана жылдар: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 440 б.

Гончар О. Циклон: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 300 б.

Троепольский Г. Н. Ак Бим–Кара кулак: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1978. – 262 б.

Толстой Л. Н. Анна Каренина: т. 2. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 448 б.

Цвигун С. Биз кайрылып келебиз: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 384 б.

Африка элдеринин жомоктору. – Ф.: Мектеп, 1982. – 327 б.

Пушкин А. С. Дубровский: Роман. – Ф.: Мектеп, 1983. – 96 б.

Цвигун С. Бороон: Документалдык роман. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 351 б.

Абрамов А. И., Абрамов С. А. Күмүш вариант: Фантастикалык роман жана повесть. – Ф.: Мектеп, 1985. – 240 б.

Сальников А. Кенч. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 431 с.

Толстой А.Н. Инженер Гариндин гиперболоиди: Илимий-фантаст. роман. – Ф.: Мектеп, 1986. – 280 б.

Балалык жылдар: Орус жазуучуларынын тандамал аңгемелери /Котор.: О.Айтымбетов, Х.Карасаев, К.Саякбаев. – Ф.: Мектеп, 1986. – 172 б.

Революциянын каармандары. – Ф.: Мектеп, 1987. – 336 б.

Боккачо Жованни. Декамерон: Новеллалар. – Ф.: Адабият,1990. – 718 б.

Пушкин А.С. Дубровский: Роман. 2-бас. – Ф.: Адабият,1990. – 96 б.