Саясаттын социалдык көзөмөлү

Википедия дан

Саясаттын социалдык көзөмөлү - иш-чаралардын комплекси, кеңири коомдук катмардын кызыкчылыктарынын көз караштарында ири саясий маселелердин азыркы абалы жана аларды чечүү перспективалары тууралуу маалыматтардын жыйындысынан жана кеңири таралуусунан;

мыйзам чыгаруу демилгелерин киргизүү, кабыл алуу жана ишке ашыруудан, алар экономикалык, социалдык жана укуктук коргонууну камсыз кылат;

өкмөттүк саясаттын тенденцияларынын бардык деңгээлинде тутумдук сындоо ж.б. турат.

Саясаттын социалдык көзөмөлүнүн конкреттүү формалары жергиликтүү, аймактык жана жалпы улуттук деңгээлде абдан ар түрдүү. Акыркы убактарда Саясаттын социалдык көзөмөлүнүн көңүл буруу объектилери болуп - глобалдуу масштабда мамлекеттердин согуштук-техникалык, тышкы саясий жана жаратылышты коргоо ишмердүүлүктөрү, демографиялык саясатты жүргүзүүдөгү, ачкачылык жана оорулар, расалык, улуттук жана диний дискриминация менен күрөшүүдөгү алардын ортосундагы кызматташтык маселелери. Натыйжада, Саясаттын социалдык көзөмөлү улупук чектен чыгууда жана коомчулуктун өз ара байланышкан ички саясий аракеттеринин жана эл аралык акциялардын тутуму болууда. Мис., улуттук экологиялык кыймылдын жана «Гринпис» эл аралык кыймылынын практикасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8