Саясий катышуу

Википедия дан

Саясий катышуу - социалдык-саясий жалпылыктын мүчөлөрүн (уруу, урук, этностук.топ, улут ж.б.) индивиддик же группалык негизде жалпылыктын (же эл аралык коомчулуктун тарыхый өнүгүшүнүн белгилүү бир стадиясында) ичиндеги саясат - бийлик мамилелеринин процессине тартуу.

Карама-каршылыктуу кызыкчылыктар жана конфликттер менен байланышпаган, бийликтин бөлүнүшүнө таасир этпеген маселелердин чечилишине катышуу Саясий катышуу болуп эсептелбейт. Саясий катышуунун төмөнкүдөй түрлөрү бар: индивидуалдуу жана коллективдүү, ыктыярдуу жана мажбурлоо, активдүү, адаттагыдай жана жаңыча, легитимдүү жана легитимдүү эмес ж.б. Ушул түрлөрүнө жараша адамдар төмөнкүлөргө катыша алышат: шайлоолорго, чечимдердин кабыл алынышына; башкарууга жана өзүн-өзү башкарууга; саясий лидерлерди тандоого жана алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө; мыйзамдарды кабыл алууга, ишке ашырууга жана сактоого; шайлоо жана башка саясий кампанияларга, саясий митингдерге, жана чогулуштарга; саясий маалыматтарды кабыл алууга жана таркатууга; иш таштоого жана жарандык баш ийбөөчүлүктүн массалык кампанияларына; боштондук согуштарына жана ревалюцияларга, саясий партиялардын ишмердуүлүгүнө ж.б. Көлөмү боюнча Саясий катышуу жергиликтүү, регионалдык (облустук, райондук) жана улуттук (республикалык) деңгээлдерде болот. Демократтык коомдун шарттарында ар түрдүү индивиддер, топтор жана катмарлар саясатка ар түрдүүчө катышат. Алардын катышуу же катышпоо даражасына, каггышуунун натыйжалуулугуна жалаң эле социо-маданий жана географиялык чөйрө (үй-бүлө, жамаат, жашаган жери, инфраструктуранын өнүгүү деңгээли ж.б.) жана социалдык-демографиялык факторлор эмес, андан тышкары билимдүүлүктүн деңгээли, бош убактысынын көлөму, акча жана анын башка материалдык каражаттар, маалыматтарга жана анын каражаттарына жолдун ачыкгыгы, саясий партияларда мүчөлүгү, саясий-мамлекеттик иерархиядагы ээлеген орду ж.б. да олуттуу таасир тийгизет.

Саясий катышуу - бул жалаң эле мамлекетги башкарууга жана шайлоолорго катышуу эмес. Саясий катышуу — бул демократиянын негизги белгилеринин бири, саясий социалдагитыруунун жана саясий тарбиялоонун, конфликтгерди чечүүнүн, бюрократия жана жарандардын саясий четтетилиши менен күрөшүүнүн каражаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8