Саясий көрүнүш

Википедия дан

Саясий көрүнүш - көзгө көрүнүп турган, коомдун, коомдук топтордун, саясий группировкалардын, уюмдардын жана лидерлердин саясий турмушунун жалпы жеткиликтүү көрсөтмөлүү жагы.

Саясий аракеттерди, окуяларды, символдорду, ритуалдарды (Саясий символика, Саясий ритуал, Саясий эмблематика) тике көрүү менен кабыл алуу саясатты түшүнүктүүрөөк кылат, аны пропагандалоо мүмкүнчүлүгүн жана ошол эле учурда анын коомдук көзөмөлүн кецейтет. Азыркы замандын техникалык каражаттары убакыттын жана мейкиндиктин чектөөсүсүз адамдарды саясий окуялардын - саясий жетекчилердин чыгып сүйлөөлөрү, докладдары жана сөздөрү, саясий мекемелердин жана уюмдардын (парламенттин, партиялардын борбордук органдары, саясий ассоциациялар ж.б.) иштеринин, массалык саясий акциялардын (митингдер, жүрүштөр, талкуулар ж.б.) жана белок окуялардын (документтерге кол коюу, «тегерек столдогу» жолугушуулар, саясий атаандаштардын диспуттары, интервью, депутаттардын отчеттору ж.б.у.с.) күбөсү болууга шарт түзөт.

Саясий көрүнүш маанилүү демократиялык кызматты аткарат - мамлекеттин саясий жашоосуна коомду тартуу жана саясий катышуусун кеңейтүү, б.а. адамдын, коомдун жана өзүнчө топтордун саясий тике аракеттерин. Саясий көрүнүш ири акцияларда (шайлоолордо, колдоо же каршы чыгуу иштеринде) катышуу үчүн саясий мобилизациянын таасирдүү каражаты катары кызмат аткарат. Коомду жана саясий мамилелерди демократиялаштыруу саясий жашоону ачыгыраак, жеткиликтүүрөөк кьшат, «көлөкөлүү» саясатта, жабык жана көзөмөлсүз саясий иш-аракеттерде аз орун калтырат. Саясий көрүнүш - демократиялык процесстин маанилүү аспектилеринин бири. Жаңы техника саясий жашоонун көрүнүктүү формаларынын өнүгүүсүн камсыз ккылат; ал Саясий көрүнүшту дагы бир, жаңы - саясий окуяларды документтештирүү, саясат чөйрөсүндө маданий жана тарыхый эс тутуму функциялары менен бөлүп берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8