Саясий приоритет

Википедия дан

Саясий приоритет (лат. prior - биринчи, улуу, тун) — биринчи кезекте кандайдыр маани берип, аракет кылып, көңүл бура турган нерсе (биринчилик).

Негизинен илимий жана технологиялык приоритеттер тууралуу көбүрөөк кезигип, алар жогору бааланып, мыйзамдар жана жоболордун негизинде бекитилген мыйзамдын (баалуулук, идея, ишеним) биринчилиги (жогорулугу) башка мыйзамдардын (чечимдер, баалуулуктар, ишенимдер) баш ийүүсүн талап кылат.

Дипломатия тармагындагы тажрыйба боюнча ошол өлкөдө иштеп жаткан эл аралык уюмдарга артыкчылык, айрыкча укук берүү формасында белгиленет. Саясий мааниде «приоритет» термини саясий чечилмелердин башкы багыттарын аныктоо жана иш жүзүнө ашыруу максатында XX к. 20-жж. баштап колдонулган. 80-жж. орто ченинен баштап таптар змее, адамзаттын түбөлүк баалуулугу тууралуу идея приоритеттүү болуп тааньшгандан кийин бул термин дүйнөгө кеңири таанылды. Ага адамзаттын өмүрүн сактоо, цивилизация жана анын негизин өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү сактоо, ачарчылык жана оору-сыркоо менен күрөшүү; мындай максаттардын приоритеттүүлүгү «саясатты гумандаштыруу» деген түшүнүктү камтып, жаңыча саясий ой-жүгүртүүнүн чектерине негизделген. Жалпы адамзаттын түбөлүк баалуулугунун жөндүүлүгүн жана керектүүлүгүн кээ бир ойчулдар (Вольтер, И.Кант, Л.Толстой, М.Ганди, Б.Рассел, А.Эйнштейн. М.Лютер Кинг, А.Сахаров) качандыр бир кезде жөн гана түшүнө башташеа, азыркы кезде кайсыл мүнөздөгү мамлекетгик-саясий түзүлүш болбосун - ал үчүн приоритеттүү, ал змее императивдүү, жалпыга милдет катары кабьш алынган.

Анын үстүнө анын өтө актуалдуу жана маанилүү болушунун себеби, XX к. экинчи жарымындагы тарыхый тажрыйбалар көрсөткөндөй, мындай терс илдеттер (Кампучиядагы марксизма»» урматы үчүн же Чилидеги Пиночеттин диктатурасынын алгачкы мезгилиндегидей марксизмге карты күрөшүү зарылчылыгы, Хусейн сыяктуу жалтанбас лидерлердин урматы үчүн же Румыниядагыдай саясий лидерлердин артыкчылыгын жоюу үчүн бардыгын теңөө) белгилүү бир жер үчүн гана өтө зыяндуу болбостон, жалпы цивилизацияны дагы бүлгүнгө учуратышы мүмкүн. Бүгүнкү күнү дүйнө элинин биримдүүлүгү көз алдыдагы чындык, анткени кичине аймакта чыккан жаңжал дагы глобалдуу натыйжа туудурушу мүмкүн (Кувейтгеги нефти сактоочу жайлардын өртгөлүшү аба-ырайын өзгөрткөндөй), ошондуктан агрессияны бүт дүйнөдө токтотуу же болтурбоо, өз ара макулдашуу аркылуу аймактагы курч мамилелердин чыңалуусун жоюу, өлкө ичиндеги жаңжалды саясий жол менен жөнгө салуу приоритеттүү максат болуп эсептелет. Мунун фонунда жалган приоритеттүү максат менен баалуулуктарга жамынган ашкере улутчулдук жана диний фундаментализм өзгөчө коркунучтуу; мындан тышкары улуттук жана диний өзгөчөлүктөргө таянган идеялар бир кездеги «аёосуз таптык күрөшкө» чакыруу сыяктуу өтө кооптуу болуп саналат. Иш жүзүндө бүгүнкү күнү улуттук приоритеттердин сакталышы эл аралык приоритетгердин толук сакталышы аркылуу аткарылат. Бул БУУнун кадыр-баркын формалдуу түрдө гана таануу эмес, иш жүзүндө анын саясий багытын кадам сайын колдоодо билинет. Ошол эле учурда эл аралык саясий жаңжалдарды чечүүнүн моделин ички жаңжалдарды чечүүдө жана анын тескери жагында да колдонууга болот. Адамзаттын жа- шоосунда жок болуунун алдында турган жалпы приоритеттерди тышкы жана ички саясатта жаңы сапатка өткөрүү сунушталууда.

Бүгүнкү күнү кээ бир приоритеттерди «экспорттолгон» деп, өлкөнүн ичиндеги башка приоритетке таянуу туура эмес. Социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндөгү Саясий приоритет негизги моменттери - демократиянын механизмдерин эл массасына эмес, айрым кишилерге, ар тараптан камсыз кылынган адам укуктарына багыттоо; мамлекеттик бийликти жана саясий институттарды (бийликти бөлүштүрүү, «сабырдуулук жана тең салмактуулук» принциптери, бир партиялуукту көп партиялуулукка алмаштыруу, коомдук жана жарандык кыймылдарды активдештирүү, социалдык демилгелерди колдоо, чыныгы жана конструктивдүү айкындуулук менен камсыздоо) структурациялоо жана ага байланыштуу социалдык жөнгө салуунун ыкмасы катары мыйзамга таянуу болуп саналат.

Ошондуктан демократиялык цивилизациялуу коомдун өнугүү жолу экономика менен саясаттын, саясат менен маданияттын, саясатты жана жалпысынан турмуштун социалдык сферасын ар тараптуу чектөө жолу аркылуу ишке ашат.

Бүгүнкү күнү Саясий приоритет алмаштыруу индивидуалдуулукту ашыра баалоого алып келет — мурун бир гана «буржуазиялык» — анан колллективизм - мурун жалгыз «коммунистгик моралдын негизги талабы», «социалисттик турмуштун негизги өзгөчөлүгү» болчу. Бүгүнкү күнү Орусияда биринчиси саясий эркин коомдун баштапкы жана негизги элементгери болгон социалдык жана саясий анык структураларды бекемдөө шарты катары түшүндүрүлөт. Ошондой эле муну менен жөнүнө жана мүмкүнчүлүгүнө жараша адам укугу жана эркиндигине кайрадан өзгөртүп түшүнүүгө, саясий, экономикалык, социалдык, маданий сферагаумтулуу дагы байланышкан. Буга байланыштуу жеке адам кандай коом болбосун саясий, экономикалык жана рухий структураларды кайра жацыртуунун башкы булагы жана цивилизацияга жеткен коомдун жаралышынын башкы нугу жана мамлекеттик, ошондой эле саясий институттарга делегат (көп баскычтуу) жиберүү катары кызмат кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8