Саясий рынок

Википедия дан

Саясий рынок - мүмкүнчүлүктөрдүн рыногу; анда өздүк спецификалык товарлар:

бул же тигил саясий чечим менен байланышкан, мүмкүн болгон пайдалар менен артыкчылыктар өтөт. Саясий рынокто сатуучулар болуп саясий бийликти алып жүрүүчүлөр чыгышса, сатып алуучулардын ролунда - шайлоочулар чыгат.

Саясий рынокто шайлоочуларга алардын каалоосуна, суроо-талабына ылайык товарларды даярдоого мүмкүндүк берет. Саясий рыноктогу саясий мамипелердин жогорку деңгээли камсыз кылынган коомдун өкүм сүрүүсүнүн шарты болуп чыгат. Саясий рыноктун текшерилген куралдары: саясий субъекттердин оз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы, алардын бири да саясий аренада монополдук абалга ээ эмес; алардын бирине-бири мамилелерин жана ишмердүүлүгүн тескөөчү, ар бир деталы иштеп чыгарылган нормалар системасы менен камсыз болгон саясий субъекттердин тец укуктуулугу; саясий субъекттердин ортосунда консенсуска жетүү үчүн негиз катары баалуулуктардын коомдук системасы. Кыргыз Республикасында Саясий рынок өзүнүн түзүлүү, калыптануу мезгилин өтүүдө.

Саясий рекламанын ролунун кескин жогорулашы азыркы мезгилдин мүнөздүү белгилеринен болуп калды. Массалык маалымат каражаттары, биринчи кезекте телекөрсөтүү жана радио кеңири колдонулуп, коомдук ой-пикирди сурап-билүүлөр, ар кандай социологиялык изилдөөлөр дайыма жүргүзүлүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8