Севастьянов Виталий Иванович

Википедия дан

Севастьянов Виталий Иванович (8. 7. 1935-ж. т., Свердлов обл., Красноуралск) - СССРдин космонавт учкучу, эки жолу Советтик Союз. Баатыры (1970, 1975). 1963-жылдан КПСС Mүчөсү.

  • 1959-ж. Орджоникидзе атындагы Москва авиа институтун бүтүрүп, конструктордук бюродо иштеген.
  • Тех. илимд. кандидаты (1965). 1967-жылдан космонавттар отрядында.
  • 1970-жылдын 1 - 19-июнунда «Союз-9» космос кемесинин борт- инженери болуп менен) космоско учкан.
  • Кеме Жерди 286 жолу айланып чыгып, 11,9 млн км аралыкты өткөн.
  • 1975-ж. 24-майдан 26-июлга чейин П. И. Климук менен бирге «Союз-18» космос кемесинде бортинженер болуп космоско учууга катышкан.
  • «Союз-18» кемеси «Салют-4» станция менен 1975-ж. 26- майда ашташып биригишип, 63 сутка бою учкан.
  • Бул жолу 80 сутка 15 с 59 мин ичинде Севастьянов илимий-тех. жана медицина-биол. изилдөөлөрдү аткарып, Жердин табигый ресурстарын изилдөө боюнча илимий жумуштарды жүргүзүү методикасын иштеп чыккан.
  • Эл аралык астронавтика академиясынын анык мүчөсү.
  • Эки Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.