Семафор

Википедия дан

Семафор (французча: semaphore, гр. грекче: sema- белги, сигнал жана phoros - көтөрүп туруучу) - сигнал бергич түзүлүш.

1) Автоблокировка менен жабдылбаган темир жолдогу Семафор - поездге жолдун ачык-жабыктыгы жөнүндө сигнал берчу кыймылдуу канаттар орнотулган мачта. Канаттарынын ар кандай үч абалы поезддин өтүшүн, токтошун же ылдамдыгын өзгөртүшүн талап кылып, машинистке сигнал берет.

Түнкүсүн жана аба ырайы өзгергөндө кошумча жарык сигналы менен жабдылат.

2) Дениз (суу) Семафору - жээкке орнотулуп, белги салынган шыргыйлуу мачта. Ал күндүз жана түнкүсүн кемелердии жүрүшүнө жана токтошуна сигнал берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.