Синхрондуу эсептегич машина

Википедия дан

Синхрондуу эсептегич машина - операцияны аткарууну баштоо жана аяктоо моменти башкаруучу түзүлүштөн берилүүчү Синхрондуу эсептегич машинада операцияны аткарууга бөлүнгөн убакыт интервалы - жумушчу такт машинаны түзө баштаган процессте эле алдын ала эсептелинет.

Андай болбогондо бардык операциялар эн узак созулган операцияга туура келген убакытта аткарылышы мүмкүн. Жалпы алганда бирдей убакытта аткарыла турган операциялар өзүнчө айрым топторго бөлүнүп, ар бир топ үчүн максимум убакыт берилет да, ага дал келүүчү жумушчу такт белгиленет.

Конструкциясы жана схемасы боюнча Синхрондуу эсептегич машина - эң жөнөкөй; аны түзүү, иштетүү, пайдалануу жеңил Көп учурда бир эле ЦЭМ синхрондуу да, асинхрондуу да принципте иштейт. Борбордук процессор синхрондуу, четки түзүлүшү асинхрондуу иштеши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.