Сирайки тили

Википедия дан

Сирайки (سرائیکی [Sarāikī]; англ. Saraiki, Siraiki, Seraiki; чыгыш-пендж. ਸਰਾਇਕੀ) — сераик элинин стандарт тили.
Сүйлөгөндөрдүн саны 25,3 млн адам (2017).

Расмий аталышы:

Сирайки
سرائیکی

Өлкөлөр:

 Пакистан

Аймактар:

Пенджаб, Синд, Хайбер-Пахтунхва

Колдонгондордун жалпы саны:

25 324 637 адам (Pakistan Bureau of Statistics, 2017ж.)

Классификациясы
Түрмөгү:

Евразия тилдери

Индоевропа бүлөсү

индоиран бутагы
индоарий тобу
түндүк-батыш топчосу
батыш-пенджаб тилдери
Жазылышы:

араб алфавити

Тилдер коду
ISO 639-3:

[[1]]

Сирайки тили сүйлөгөндөрдүн саны боюнча Пакистанда төртүнчү орун ээлейт (пенджаб, пушту, синдх тилдерден кийин). Сирайки тили Пенджаб провинциясында, ошондой эле Синд провинциясынын түндүк округдарында жана Хайбер-Пахтунхва провинциясынын түштүк-чыгыш округдарында таралган. Пенджаб провинциясында сирайки тили эки негизги тилдин бири.

Тил жазуусу жок индоарий диалектилеринен келип чыккан. Мурда тил лахнда макро-тилинин түштүк диалектиси деп эсептелген. Стандарттык жазуу тилинин өнүгүшү 1947-жылы Пакистан түзүлгөндөн кийин башталган жана жергиликтүү регионалисттик кыймыл тарабынан кубатталган.
Жазуусу араб алфавитинин негизинде түзүлгөн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]