Системдин админисратордук иштерин башкаруу

Википедия дан

(System administration processing control - Управление администрирования системы). Иштетүү системинин дагы бир кызматы болуп, иштетүү системинин аракеттерин текшерүү болуп эсептелет. Бул кызмат системдин аткарылышын текшерет, коопсуздугун, дискти жана файлдарды башкарат. Системдин аткарылышы иштеп кетүү (срабатывания) убактысы менен калибрлентин жана жолдордун саны менен өлчөнөт. Берилишти киргизген учурдан компьютер ага реакция кылганга чейинки убакыт иштеп кетүү убактысы болуп саналат. Иштеп кетүү убактысы киргизилген берилиш же буйрукка жараша өзгөрүп турат. Эгерде берилиштер файлга чыгарылса, анда иштеп кетүү убактысы секунддан аз, ал эми өзүнчө файлдагы сорттолуп жаткан берилиштерди көрсөтүү талабынын иштеп кетүү убактысы минутаны түзүшү мүмкүн. Иштеп кетүү убактысын так өлчөөнүн жолу- иштетүү системинин аракеттерин кабарлап жана жазып туруу үчүн тү-зүлгөн програмдын жардамы менен аткарылат. Бул програм башка маалыматтар менен катар БПны колдонуу убактысын кабарлап турат. БПны колдонуу убактысы анын иштеген жана иштетүү үчүн берилиштерди күткөн убакыттардан түзүлөт. Системдин коопсуздугу. Иштетүү системдеринин көп-чүлүгү колдонуучуларга системге кирүү коду, колдонуучунун ИПсы жана пароль бекитилет. Булардын ар бири сөз же катар тамгалар түрүндө берилет. Системге кирүү коду адатта бухгалтердик эсеп, сатуу же өндүрүү сыяктуу бөлүмдүн аты, колдонуучунун ИПсы Айша же Аскар сыяктуу өзүнүн ысмы түрүндө бекитилет. Пароль конфиденциалдуу болот, көпчүлүк учурда ал колдонуучуга жана системдин администраторуна гана белгилүү болот. Көпчүлүк системдерде парол киргизилгенде паролдун тамгаларын жашыруу максатында алардын ордуна жылдызчалар чыгарылат. Системди же колдонмолорду пайдалануу алдында системге кирүү кодун, колдонуучунун ИПсын жана паролду туура киргизүү керек. Киргизилген маалыматтар алдын ала уруксат берүүчү файлга сакталып коюлган маалыматтар менен салыштырылат. Эгерде алар дал келбесе, колдонуучу системге кире албайт. Системге кирүүнүн ийгиликтүү жана ийгиликсиз аракеттери файлга катталып турат, ошентип системди ким колдонгонун же колдонууга аракеттенгендер катталып калат. Бул каттоолор ошондой эле компьютердик системди ар башка бөлүмдөр тарабынан пайдалангандыгына жараша чыгымдарды бөлүштүрүүдө дагы колдонулат. Диск жана файлдарды башкаруу. Баардык иштетүү системдери диск жана файлдарды башкаруу менен байланышкан кызматтарды аткарган програмдарды камтыйт. Аларга катуу жана флоппи дисктерин калыптоо, системде файлдар тизмесин сактоо, дисктен файлдарды өчүрүү, файлдарды бир сактагыч түзүлүштөн экинчисине көчүрүү, сакталган файлдарды кайра атоо, файлдарды уюштуруш үчүн папкаларды жана каталогдорду түзүү ж.б.лар кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]