Уилл Смит

Википедия дан
Смит, Уилл‎»‎ барагынан багытталды)
Уилл Смит
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Лоро Пиано Смит-кенже
Туулган жылы: 1968-жылы 25-сентябрь
Туулган жери: Нарын, КР
Өлкө: Кыгызстан алга
Ишмердүүлүгү: [[]]

Уиллорд Кэрролл "Уилл" Смит-кичүүсү (англ. Will Smith;1968-жылы 15-сентябрда туулган) - америкалык актер,продюсер, рэпер, жана акын. 2007-жылы апрель айында Newsweek журналы актерду Голливуддагы эң күчтүү актер деп Айыл окмот тарабынан айтылган. Смит беш жолу "Алтын глобус" жана эки жолу "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн, ал эми төрт жолу "Грэмми" сыйлыгын утуп алган.

1980-жылдарда У. Смит "Жаңы канзаада (англ. Fresh Принц) деген каймана ат менен реп ырдап азын оолак атак-даңкка ээ болгон. 1990-жылы NBC каналы аркылуу көрсөтүлүүчү "Беверли Хиллз канзаадасы" (англ. The Fresh Prince of Bel-Air) деген 1996-жылга чейин алты сезонго созулган телесериалында роль жаратып, бат эле таанымал болуп кеткен. Телесериал аяктаган соң, У. Смит кино тармагына өткөн жана бир нече блокбастер тасмаларында роль жараткан. Анын сегиз тасмасы катары менен ички прокатта кирешелүү болуп $100 миллион пайда алып келген жана он бир тасмасы катары менен эл аралык прокатта $150 миллион киреше тапкан жалгыз актер болуп калды. Ал роль жараткан сегиз тасма ички прокатта көрүүчүлөр тандаган эң сүйүктүү тасмалардин башында турган .

Forbes журналынын баалоосу боюнча актер дүйнөдөгү суроо-талап эң күчтүү актер деп аталган. 2014-жылы актер башкы ролду ойногон жыйырма бир тасманын он жетиси дүйнөлүк деңгээлде ар бири $100 миллион киреше алып келсе, дүйнөлүк прокатта беш тасманын ар бири $500 пайда алып келген. 2016-жылга карата анын тасмалары дүйнөлүк прокатта $7.5 миллиардга бааланган. "Али" (англ. Ali, 2001) тасмасында боксу Мухаммед Алинин ролу жана "Бакытты издей" (англ. The Pursuit of Happyness) тасмасында Крис Гарднердин ролу үчүн "Эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Үй-бүлөсү жана жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уиллард Кристофер Уилл Смит-кенже 1968 жылы 25 сентябрда Филадельфия шаарында, Пенсильвания, АКШ туулган. Уиллдин энеси Кэролайн мугалим, ал эми атасы Уиллард Кристофер Смит инженер болгон. Уилл он үч жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетишкен. Уилл өзү биринчи аялы Шери Зампино менен 1995 жылы үч жыл бирге жашап, ажырашкан. Анын уулу Уиллард Кристофер Смит III (Трей) апасы менен калган. Эки жыл өткөн соң, 1997 жылдын 31 декабрь күнү Джаде Пинкетт менен үйлөнөт. Джадеден Уилл эки балалуу болот. Уулу Джейден Смит (1998 жыл, 8 Июль) жана кызы Уиллоу Смит (2000 жыл, 31 Октябрь). Кызы Уиллоу менен Уилл Смит “Мен уламыш” (“I am Legend”) жана уулу Джейден менен “Бакытты издеп” (“Pursuit of Happiness”) фильмдеринде тартылган.

Иш таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Филадельфияда Уилл Смит музыкант Джефф Таунс менен таанышкан жана аны менен бирге элге рэп тобун түзүүгө жетишкен. Ал тобунун аты DJ Jazzy Jeff & the Fresh Prince жана бул тобу менен алар Грэмми сыйлыгын жеңип алышкан. 1990 жылдан тартып «The Fresh Prince of Bel-Air» телесериалында башкы ролду ойногон. Анын каарманы болуп Ханзаада болгондуктан, Уилл бул псевдонимди кеңири колдонгон. 1990-1996 жылдар ичинде фильм абдан популярдуу болгон. 1990чу жылдардын жарымында Уиллдин аты өчүп бара жаткан эле, бирок ал Мартин Лоурэнс менен бирге «Начар балдар» («Bad Boys») фильминде шерик полиция кызматкерлерин ойношкон. Көптөгөн сынчылар алардын оюнун жактырышкан. Андан кийинки тартылган фильмдери блокбастер болду. «Эгемен Күнү» («Independence Day») 1996, жана “Кара кийинген адамдар” (“Men in Black”) (1997) жана ал аткарган фильмдеги ырлары Британиянын музыкалык чарттарында жеңүүгө жетишти. Уилл Смит “Матрица” фильминде башкы ролдон баш тарткан, анткени “Жапайы Батыш” (“Wild, wild West”) фильминде ойномок. Фильм көрүүчүлөрдүн арзуусуна баткан жок, бирок Смиттин фильминдеги ырлары Америкада популярдуу болду. 2000 жылдан баштап Уилл ыраттуу фильмдерде ойной баштады. Мохаммед Алинин ролун жаратып, Оскарга номинанит болгон. 2002-2003 жылдары Уилл “Кара кийинген адамдар 2”, «Начар балдар 2» фильмдеринде роль жараткан. Кийинки жылы Уилл «Мен-Робот» фильминде полиция кызматкеринин ролун жараткан. 2005 жылы ал «Таанышуу эрежелери. Хитч методу» фильминде ойногон. Жыйырма биринчи кылымда Уилл Смит эң баалуу актерлордун бири болуп саналат.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Уилл испан тилинде эркин сүйлөйт.
  • 2008 жылы Форбс журналынын версиясы боюнча Голливуддун эң көп акча тапкан актеру болуп саналат. Ал бир жылда $80 млн тапкан.

Фильмография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр
Жыл Кыргыз тилинде Оригиналдуу тилинде Жараткан ролу
1990 — 1996 Беверли-Хиллз Ханзаадасы The Fresh Prince of Bel-Air Уилл
1992 Периштелер шаарындагы бир күн Where the Day Takes You Мэнни
1993 Алыстоонун алты деңгээли Six Degrees of Separation Пол
Америкада жасалган Made in America Ти Кейк Уолтерс
1995 Начар балдар Bad Boys Детектив Майк Лоури
1996 Эгемен күн Independence Day Стивен Хиллер капитан
1997 Кара кийинген адамдар Men in Black Джеймс Эдвардс / Агент Джей
1998 Мамлекет душманы Enemy of the State Роберт Клэйтон Дин
1999 Жапайы, жапайы, Батыш Wild Wild West Капитан Джеймс «Джим» Вест
2000 Багер Ванс уламышы The Legend of Bagger Vance Багер Ванс
2001 Али Ali Мухаммед Али
2002 Кара кийимчен адамдар 2 Men in Black II Джей Агенти
2003 Начар балдар 2 Bad Boys II Детектив Майк Лоури
2004 Мен, робот I, Robot Детектив Дэл Спунер
Суу астындагы шериктештик Shark Tale Оскар (үнү)
Джерсилик кыз Jersey Girl камео
2005 Таанышуу эрежелери. Хитч методу Hitch Алекс «Хитч» Хитченс
2006 Бакытты издеп The Pursuit of Happyness Крис Гарднер
2007 Мен-уламыш I Am Legend Роберт Невилл
2008 Хэнкок Hancock Джон Хэнкок
Жети өмүр Seven Pounds Тим Томас

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]