Сокурлук

Wikipedia дан
Ак-таяк-сокурлуктун белгиси
Кичинекей ат-ээчткич

Сокурлук — түрдүү себептерден эки көздүн тең өтө начар көрүп же көрбөй калуусу жана караңгыны жарыктан ажырата албоо.

Түрлөрү[оңдоо]

Көрүү деңгээлине жараша сокурлук чала жана караманча көрбөө болуп айырмаланат. Жарым-жартылай көрбөгөн адамдын жарыкты көрүүсү сакталат жана 2,5 м аралыктан беш манжаны ажырата алат (0,05).

Караманча[оңдоо]

Караманча көрбөгөн адамдын көзүнүн көрүү курчу такыр жоголот да, жарыктан караңгыны ажырата албай калат.

Сокурлуктун бөлүнүшү[оңдоо]

Сокурлук тубаса жана кийин пайда болгон болуп бөлүнөт.

Тубаса сокурлук[оңдоо]

Тубаса сокурлук мээнин айрым бөлүктөрү, көрүү нервдери, көздүн тор кабыкчасынын начар өөрчүшүнөн болот.

Кийин пайда болгон сокурлук[оңдоо]

Кийин пайда болгон сокурлук көз ооруларынан (глаукома, трахома, кератит) кийин көрүү нервинин жабыркашынан, көздүн кырсыкка учурашынан пайда болот. Ошондуктан саламаттык сактоо органдары көздү кырсыкка учуроодон жана көз ооруларын алдын алуу, глаукоманы эрте байкап дарылоо чараларын жүргүзөт.
Сокурлар коомдук пайдалуу эмгекке тартылып, алар идеялык саясий жана маданий деңгээлин жогорулатуу иштерин жүргүзөт. Кыргызстанда сокурлар коому 1937-ж. уюштурулуп, атайын мектептер ачылып, окуу өндүрүш ишканалары уюштурулган.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8