Солифлюкция

Википедия дан

Солифлюкция (лат. solum - топурак, кыртыш; fluctio - жылмышуу, агуу) - тоо бетиндеги тоңгон топурактын жана борпон, кыртыштын эриген учурда төмөн карай акырындык менен жылышы.

Солифлюкция негизинен оордук күчтүн таасиринен сезондук жана көп жылдык тоң кеңири таралган уюлдук жана бийик тоолуу аймактарда пайда болот. Солифлюкциянын таасиринен тектердин составына жараша жончо, тилке, тектир, жал, оюлма сыяктуу рельефтии майда формалары пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.