Статистикалык методдор

Википедия дан

Статистикалык методдор – эксперименттин натыйжаларын талдоо ж-а жалпылоо максатында колдонулуучу прикладдык математикалык статистиканын айрым методдору.

Статистикалык методдор педагогикада эксперименттин жыйынтыгында алынган көрсөткүчтөрдүн орточо чоңдугун аныктоо максатында колдонулат. Алар: арифметикалык орто маани (сандык көрсөткүчтөрдүн суммасын алардын жалпы санына бөлгөндөн келип чыккан тийинди), медиана (статистикалык катардын ортосунун көрсөткүчү), дисперсия (көрсөткүчтөрдүн орточо чоңдуктун тегерегинде жайылыш даражасы). Буларды эсептөө үчүнатайын формулалар, маалыматтык таблицалар колдонулат. Статистикалык методдорду колдонуу м-н талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары сандык көз карандылыкты графиктердин, диаграммалардын, таблицалардын жардамы м-н көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6