Стресс

Википедия дан

Стресс — кишиге өтө күчтүү дүүлүктүргүч таасир эткенде пайда болгон абал. Мында организм ал шартка ыңгайланат. Организмге дүүлүктүргүч таасир эткенде ички секреция бездери (гипофиз) активдүү иштеп, бөйрөк үстүндөгү бездин ишин күчөтүүчү гормон көп бөлүнөт. Натыйжада түрдүү гормондор, анын ичинде кортикоиддер канга көп берилет. Кортикоиддер организмдин ыңгайлануу механизмин күчөтөт (адаптациялык синдром). Жалпы адаптациялык синдром ыңгайлануу реакциясы болуу менен бирге айрым шарттарда (кайталап же тез-тез таасир этүү) оорулардын пайда болушуна себеп болот, себеби гормонду кээде ашык чыгарып, ал организмге зыян келтирет. С-тин таасиринен оорунун өөрчүшү организмдин абалына жараша болот. Мисалы, гипертония оорусу барларда С. өтө оор өтүп, гипертониялык криз менен коштолот; ичеги-карындын сезгенүү ооруларында кан кетүүчү жара пайда болушу мүмкүн. Адамдарга эмоциялык С. чоң таасир этет. Бат-бат кайталанган эмоциялык С-тен бөйрөк үстүндөгү бездин иштөөсү начарлап, организмдин ыңгайлануу жөндөмүн төмөндөтөт. Адаптациялык синдромдун пайда болушуна гипофиз менен бөйрөк үстүндөгү бездин гормондорунан тышкары нерв системасы да белгилүү роль ойнойт. Бул абал кадимки эле турмушта же -өзгөчө шарттарда (мисалы, космос мейкиндигине учууда жана башкалар) болот. С. түшүнүгүн канадалык физиолог Г. Селье 1936-ж. киргизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8