Субанбеков Тойчубай

Википедия дан

Субанбеков Тойчубай (1954-ж.т., Акчий айылы) - жазуучу; «Түгөлбай -Ата» эл аралык коомунун сыйлыгынын лауреаты («Барсбек кагандын көрөр көзү» аттуу тарыхый романы үчүн).

1980-ж. КМУнун журналистика факультетин бүтүргөн. 1980-93-ж. республикалык «Мугалимдер газетасында» кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген, профсоюздун «Эл жарчысы» гезитин чыгарууга да жигердүү катышкан. 1993-жылдан өспүрүмдөрдүн жана жаштардын «Кырчын» адабий-көркөм журналында башкы редактордун орун басары. Белгилүү тарыхый инсандардын: Сатылган ажы, Дыйканбай манап, Баймурат төрө, Токтомуш хан, Амир Темир ж.б. ,ошондой эле бүгүнкү күндөгү республикадагы маданият ишмерлери тууралуу баяндардын, «Издер өчпөйт, издер жаңырат» (1986) аңгемелер жыйнагынын, «Жүрөктөш жар», «Жээренче чечендин акыркы күн-дөрү», «1999-жыл», «Кара-түлөк чоронун эрдиги» аттуу романдардын, «Көөдүлдүн кыркалекей теректери» деген повесттин, «Суу сактагычтын алдында калган жер» аттуу көлөмдүү чыгарманын автору. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги. Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5