Субарктика алкагы

Википедия дан

Субарктика алкагы - Түндүк жарым шардагы географиялык алкак.

Арктика жана мелуун алкактардын (болжол менен 60-65° жана 67-75° түндүк кендиктердин) ортосунда. Климаты суук: январдын орт. температурасы материк менен аралдарда -5°Сден -40°Сге чейин, июлдуку 5-12°С. Вегетация мезгили 70-110 күн. Бууланууга Караганда жаап-чачын (300-500 мм) арбын. Тоң кыртыштар кеңири тараган.

Субарктика алкагы, тундра зонасына жана токойлуу тундра зонасына бөлүнөт. Субарктика алкагынын океандык бөлүгүндө (суунун үстүңкү катмарында) кислороддун мол болушу планктондун өөрчүшүнө шарт түзөт. Балык ж. б. промыселдик жаныбарларга бай.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.