Суворовец

Википедия дан

Суворовец - кара өрүк сорту.

Кыргыз ССР ИАнын Ботан. багында жерг. тикендүү кара өрүк менен Эрте көгүш сортун аргындаштыруудан алынган.

Дарагы бийик. Кышка чыдамдуу, мөмөсү кара көгүш, таттуу, ширелүү, жыттуу. Августтун аягында бышат. Данеги кичине. Ар бир дарагы 140-150 кг түшүм берет. Мөмөсү жаңы кезинде жана кагы тамак-ашка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.