Сурьма рудалары

Википедия дан

Сурьма рудалары - курамында бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө сурьма металлы бар минералдардын чогундусу.

Жаратылышта сурьманын 75 минералы белгилуу, бирок анын бироо - антимонит гана өнөр жайлык маанидеги негизги минерал. Кээде Сурьма рудалары татаал сульфиддер же башка минералдарда ношунду турундо жолугат. Сурьма рудаларынын кендери төмөнкү температурадагы гидротерм жолу менен пайда болот. Руда тулкулары тарам, уя, линза жана кабат турунде кезигет. Кен түзүлүшүнө карай кварц-флюориттуу, кварц-антимониттуу, ферберит-шеелит-антимониттуу болуп формацияларга ажыратылат. Өндүрүштук типтерине карай жалаң гана сурьманын оз минералдарынан түзүлгөн жана комплекстүү (алтындуу сурьма, сымаптуу сурьма, вольфрамдуу сурьма, никелдуу сурьма ж. б.) руда кендерине болунот. Ири кендери Кытай, Боливия, Мексика, Түштүк Африка, АКШ ж. б. өлкөлөрдө бар. Кыргызстандагы Кадамжай кенинен болуп алынган сурьма сапаты боюнча дүйнөлүк эталон катары эсептелет. Ал 45 чет өлкөгө сатылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.