Сушанло, Мухамед Ясызович

Википедия дан

Сушанло, Мухамед Ясызович (1924, Бишкек–1998) – тарых илимдеринин доктору (1970), профессор (1981), Кыргыз ССР ИАнын корреспондент мүчөсү. 1950-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнда кенже илимий кызматкер, бөлүм башчысы болуп иштеген. Дуңган таануу (синология) боюнча адис. 200дөн ашык илимий эмгектин, ал эми 7 монографиянын, 4 окуу китебинин автору.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.