Сынак түрлөрү жана аны уюштуруу өзгөчөлүктөрү

Википедия дан

Др.Кадиян Бообекова, Кыргыз-Түрк “Манас” университети


Сынак алуу, сынак берүү, сынакка түшүү, сынактан өтүү, сынактан өткөрүү, сыналуу... булардын баары тааныш угулат. «Сыноо» деген сөздөн чыгып, натыйжада окуучуда, студентте, иштеген же ишке алына турган персоналда, коомдун мүчөсүндө же кандайдыр бир нерседе, буюмда болгон өзгөчөлүктөрдү, жетишкендиктерди, жөндөмдү, касиетти, айрыкчалыкты белгилүү бир критерийлерге карата тактоо, аныктоо, баалоо, сыпаттоо болуп саналат. А бирок, сынактар жүргүзүлүү максатына жараша сабактагы ийгиликти өлчөй турган билим сынагы, ишке алуу үчүн кишидеги өзгөчөлүктөрдү белгилөөчү тандоо же жарыш сынагы, деңгээлине жараша бөлүштүрүү сынагы, жөндөмдү белгилей турган, мисалы, спорттук өзгөчөлүгүн белгилөө, музыка, театр, ыр, бий, сүйлөө, түшүндүрүү көндүмү ж.б.өлчөө үчүн сынак түрлөрү бар. Сынактан мурда сурала турган суроолор, алардын татаал же жеңил болушу, канча убакыт бериле турганы, сынактын кайсы түрү белгиленген нерсени (билим, билгичтик, көндүм, шык, сапат, касиет) өлчөй ала турганын тактап алуу зарыл.
Бир ишке баштаардан мурда ал иш боюнча пландоо керек. Сынак жүргүзүү үчүн да план түзүлөт. Сынак жасаардан мурда анын кандай максат менен уюштурулганы, кайсы темалар суралаары, канча суроо болоору, суроолордун өзгөчөлүгү кандай, кайсы суроого канча балл берилээри такталат. Бул жерде сынак түрлөрү, аларды колдонуу максаты, кайсыл учурда кандай сынак жүргүзүү зарылдыгы тууралуу маалымат берилет.


Колдонуу өзгөчөлүгүнө жараша сынактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иш билгилик- компетенттүүлүктү өлчөө сынагы. Кээ бир окуу жайына кирүү экзамендери да иш билгиликти- жеткиликтүүлүктү, жөндөмдү өлчөө сынагы катары кабыл алынат. Мисалы, музыка, ыр-бийге шыгы, сүрөт тартуу, спорттук жөндөмүн өлчөө, чет тилин билүү деңгээлин аныктоо да иш билгилик сынагы боло алат.
Тандоо сынактары. Көп түрдүү, көп кырдуу жөндөмдөргө ээ болгон көптөгөн талапкерлердин ичинен талап кылынган өзгөчөлүктөргө ээ болгон кишилерди тандап алуу сынагы. Бир жерге ишке алууда, окуу жайына кабыл алууда дал ушул сынак жүргүзүлөт. Ишке алууда ал иштин кандай өзгөчөлүк талап кылаарын жана кандай жөндөмгө ээ болгондор ал иште иштей ала турганын белгилегенден кийин, суроолор даярдалып, сынак алынат. Окуу жайына абитуриенттерди кабыл алууда ал билим сынагына белгиленген чектен (М: 110 балл) өткөндөн кийин билгичтик жана шыгын аныктоо үчүн жүргүзүлгөн сынак тандоо сынагы болуп эсептелип, окууга алынууга же жарышууга татыктуу деп табылат.
Бөлүштүрүү-классификациялоо/ деңгээлин аныктоо сынагы. Талапкерлерди жекече өзгөчөлүктөрүнө карап, жөндөмүнө жараша топторго бөлүү сынагы. Мисалы, чет тилин билүү, жөндөмүн аныктоо, кесипке багыттоо сынактары буга мисал боло алат. Мындай сынакка катышкандардын белгилүү бир өзгөчөлүккө ээ болгондорду да өз ичинде даражаларга бөлүп, группаларга айырууда өтө этият мамиле кылуу, суроолордун өтө кылдат тандалышы, ал өзгөчөлүктү таамай көрсөтө турган болуусу зарыл.
Жарыш сынактары. Бир окуу жайына абитуриенттерди кабыл алууда же ишке алуу үчүн берилген жарыяга өтө көп санда киши келип документ тапшырганда жарыш сынагы (конкурс) керек болот. Жарыш сынагынын суроолору талапкерлерди бири- биринен айырмалай тургандай түрдө түзүлөт. Суроолор талапкерлердин ал окуу жайында окуй ала турганын же кишинин ошол иште иштей ала турганын аныктоого багытталганынан улам, тандоо сынагына да окшошуп кетет. Мисалы, Жалпы Республикалык Тестирлөө Сынагы (АКСЕЛС) тандоо сынагы болгон менен ар бир окуу жайдын өздөрү канча баллдан жогору баа алган студентти кабыл алаарын белгилеген сынак жарыш сынагы болот. Максаты- сынакка киргендерден оор суроолорду канчасы жооптой алаарын, кимиси канчанчы орунда жана канчасы окууга татыктуу экенин аныктоо болсо да, талапкердин чыныгы ийгилигин так аныктабайт, жакындатып. болжол менен аныктайт.

Сынактын жалпыга маалым түрү болуп, мугалимдин суроолорду даярдап туруп, окуучуларга аны таратышы жана окуучулардын бул суроолорго мурда өтүлгөн темалар, китептерден окугандары боюнча эч бир кошумча материалдан пайдаланбай туруп жооп бериши билинет. Мындан сырткары да кээде кошумча адабияттардан окуп, бир тема боюнча анализ жазуу талап кылынышы мүмкүн. Кээде бир канча күн ичинде бир тема боюнча окуучу же студент өзү изилдеп келип, аны класска түшүндүрүшү талап кылынат. Бул проект даярдоо, семинар түрүндө да болуусу күтүлөт.


Сынак убактысы жана анын практикалануу түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөбүздө сынактар ар түрдүү окуу жайларында ар башка убакта болгону менен жалпы жонунан окшош. Аларды кыска убакыт аралыгында жасалган сынактар, модулдар, жарым жылдык ичиндеги ара сынак жана жарым жылдыкты бүтүрүү сынагы деп үчкө бөлсөк болот.
а). Кыска убаккыттагы сынактар (модуль). Бир же бир канча бөлүм же чоң темаларды өткөндөн кийин ал темаларга байланыштуу суроолор даярдалып, окуучулардын буга чейин эмнелерди үйрөнгөнүн өлчөө үчүн жасалган кичи сынак болуп саналат. Жарым жылдыктын ичинде сабактан саатына жараша 2-3-4 модуль болушу мүмкүн. Сынактын максаты окуучулардын көңүлүн дагы көбүрөөк сабакка бурдурууга багытталат. Мындай түрдөгү сынактарда алган бааларды жарым жылдыктын аягында бириктирип, бир баага айлантуу да мүмкүн.
б). Ара сынактар. Кээ бир сабактар бир жарым жылдыкта эле окутулса, кээ бир сабактар андан көп окутулат. Сынак үчүн семестрдин аягына чейин күтүү өтө узак, өтүлгөн материал да көп болуп, жалгыз жарым жыл аягында баланын билимин өлчөө баланын билимин өлчөөдө жетишсиз кала турганынан улам, ара сынактар алынат. Бул бир тараптан окуучунун өзүн- өзү баалоосуна, эмнелерге көңүл буруусу, эмнелерди окуу керектиги туурасында жол көрсөтсө, бир жагынан кийинки жарым жылдык сынакка даярдануусуна да негиз болот. Ара сынактар көбүнчө ошол убакка чейин өтүлгөн темаларды камтыйт. Эгер ара сынак болбосо, жарым жылдыктын аягында сынакта окуучу бардык материалды биле албай калышы, андыктан аз балл алып калышы, ийгиликсиз болушу мүмкүн. Ара сынактар окуучулардын ар дайым сабакка жана сынакка даяр болуусун шарттайт. Бирок, стресске себеп болбой тургандай ара сынактардын алынышы ийгиликке өбөлгө болот.
с). жарым жылдык сынактар. Ара сынактардан башка окуучунун ийгилигин өлчөө үчүн жарым жыл соңунда сынак бар. Бул сынак ошол жарым жыл ичиндеги бүт темаларды камтыганынан улам, суроолор көп, татаал болот. Бирок бир окуучунун ийгилигин бир эле сынак менен баалоо жетишсиз болгондуктан ара сынактардын болушу зарыл. Бул окуучулардан ар дайым сабакка даярдануусуна, алардын материалды жакшы өздөштүрүүсүнө себеп болот. Бирок, окуучунун ийгилигин ара сынак же жарым жылдык сынак менен эле эмес, кандайдыр бир семинар, реферат, изилдене турган тапшырма, проект даярдоо аркылуу да баалоо маанилүү болуп, аны ар тараптуу баалоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.


Сынакта эмнелер өлчөнөт?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар бир сабактын окуучуга бере турган максаты белгиленип, билим, билгичтик, көндүмдөрү болот жана алар ар түрдүү темаларга жараша бөлүнөт.
Сынактын максаты так белгилениши зарыл. Тигил же бул сынактын жыйынтыгы качан, каякта, эмнеге колдонулаары такталат.Эгер сынак тандоо сынагы болсо ага жараша суроолор да оңой болот. Эгер жарыш (конкурс) сынагы болсо, өтүү- калуу маселеси болсо, ошол адистикте талапкерлерди тандоо үчүн суроолор татаал болот. Окуу жайына кабыл алуу босо ага да түрдүү суроолор татаалдаштырылып даярдалышы мүмкүн. Ага жараша максаты, эмне күтүлүп жатканы такталышы керек. Сынакта кайсы темалардан, кандай суроолор баладагы же талапкердеги белгилүү өзгөчөлүктү өлчөй турганы мурдатан белгиленип тандалат жана ошого жараша сынак түрү (жазылуу, оозеки, тест түрлөрү) такталат.
Сынактын мөөнөтүнүн жана убактысынын мурдатан белгилениши жана жарыяланышы керек. Ал мөөнөт башка мектепте же окуу жайдагы уюштурулган башка коомдук иш аракеттердин учуруна да дал келбегендей болуп белгиленүүсү маанилүү. Себеби, андай иш аракеттерге катышкан окуучулар да стресске кирет жана ийгилиги төмөндөйт. Сынактарга берилген мөөнөт жана убакыт балдардын сабактардан ийгиликтүү болуп, болбоосуна өз таасирин тийгизет. Сынак үчүн убакыт аз болсо, балдар жетише албай калып, же сынакта суроого талап кылынган жооп узун жана ага берилген убакыт көп болсо баланын ийгилигине терс таасирин тийгизет.
Сынакта сурала турган суроолор кандай типте боло турганын тактоо да маанилүү. Себеби, сынак алына турган класстын/ салондун чоңдугу, окуучулардын саны, бош болгон убакыт, башкалар менен дал келбегени такталуусу керек. Кайсы темалардан, кандай суроолор суралат, окуучулардагы кандай билим, билгичтик жана көндүмдөр бааланат. Кээде ар бир партага бир окуучу отура тургандай болбой, класс тар болуп калс, анда көптөн тандама тест же суроолору окшош болгон жазылуу сынак алуу туура эмес, балдар көчүрүүгө аракеттенишет. Сынакта сурала турган суроолордун түрү менен ага бериле турган убакытка көңүл буруу туура болот. Оор суроолор менен жеңил суроолор же тест түрүндө сынакта аларга жетиштүү убакыт берилүүсү зарыл. Ошону менен бирге, эмнелерди суроо маанилүү экенине көңүл бурулат.

Сынактын оордугунун белгилениши.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суроолор мурдатан белгилениши жана ар бир канча убакыт алаары текшерилиши зарыл. Жазылуу суроолорго жооп берүү көп убакыт талап кылат, аны текшерүү да ошондой. Себеби, ар бир студенттин суроолорго жооптон башка өз көз караштарын, ой-пикирин анализдеп бергенин да баалоо зарыл. Ал эми көптөн тандама тесттеринде жоопторду белгилөө өтө көп убакыт албайт. Жооптор так, же туура же ката болот. Баллы да так белгиленген.
Сынакта канча суроо суралаарын тактап алуу да зарыл. Анткени, суроо аз болсо жана аны бала билбей калса, сынактан өтпөй калышы ыктымал. Суроолордун көп болушу аны баалоо үчүн да ыңгайлуу. Бирок суроолор кээ бир гана темаларды камтыса же так, түшүнүктүү болбосо, анын адилет эместиги, так эместигин ойлоого болот. Суроо көп болуп, бериле турган баллдар да аздан болсо, баланын сынактан өтүүсү оңой болот же ар тараптуу баалоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.