Сынчы

Википедия дан

Сынчы — адабий сын жазган автор. Ал көркөм чыгармада жаап-жашырылып айкын көрүнбөгөн, түздөн-түз айтылбаган, көзгө сайып көрсөтүлбөгөн нерселерди ачып берет, окурмандын оюн багыттайт, автордун идея-темасын, проблемаларын дааналайт.

Сынчы адабий сынын тарыхый-функциялык, социологиялык-эстетикалык, салыштырма методдордо рецензия, полемика, диалог, макала жанрларында жазат. Ал чыгарманы турмуш чындыгы менен салыштырып текшерет, автордун ой жүгүртүү өзгөчөлүгүн, стилин ачууга аракеттенет. “Сынчынын таланты талдоонун жана баа берүүнүн сферасында көрүнөт” (Б. Сучков), ошондой эле “образ менен ой жүгүртүүдөн жаралган көркөм чыгарманын өзгөчөлүгү сынчыдан жалпы философиялык бийик деңгээл менен идеялык-саясий жетиктикти гана эмес, жазуучунун назик жан дүйнөсүндөгү өзгөчөлүктөрдү, турмуш чындыгын чагылдыруудагы усталыгын татаал процесстүү эстетикалык кабылдоосун ж.б. кылдат түшүнгөн кыраакылыкты, талантты талап кылат” (С. Карымшаков). Сынчыга бирден бир коюлган негизги талаптар – жазгандарынын илимийдүүлүгү, эстетикалуулугу, баа берүүчүлүгү, объективдүүлүгү.

Кыргыз сынчыларынын айрымдары: К. Эдилбаев, К. Асаналиев, С. Жигитов, К. Бобулов, М. Борбугулов, А. Садыков, К. Артыкбаев, К. Даутов, С. Байгазиев, А. Эркебаев, А. Акматалиев, О. Ибраимов, К. Ибраимов ж.б.