Сүзмө (жүзмө)

Википедия дан

Ат жабдыктарына чабылуучу шөкөт. Учу илмекей, сүйрүрөөк келген томпогураак шөкөт. Мунун узундугу 6—7 см ге, туурасы 2—2,5 см ге барабар, иймекей учу кайышка имериле чабылат. Куюшкандын эки жак «сүзмөлөрүн» бириктирген чагарагы бар. Аттын соорусуна түшүп турган кайышка чабылган «кош солондору» болот. Куюшкандык кайыш «кошунду» аркылуу биригет. Ат -жабдыктарынын бул бөлүгү да өтө зергерчиликте шөкөттөлөт. Темирге күмүш жалатуу менен күмүш сүзмө чабылган. Азыр чеберлер жез, мис, калай, сүзмөлөрдү жасап, ат жабдыктарын ошону менен шөкөттөп, кайыш беттерин зерчелеп жатышат.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)