Сүйүналиев Райымбек

Википедия дан

Сүйүналиев Райымбек (1908, Сөгөт айылы - 1996, Кызылтуу айылы) - коомдук ишмер, Совет бийлигин бекемдөөгө жигердүү катышкандардан. Атамекендик согуштун катышуучусу (1941-43). Ош педагогикалык техникумун (1929), Ташкендеги Орто Азия аскердик окуу жайын (1935), республикалык партиялык мектебин (1948) бүтүргөн.

  • 1924-ж. Лениндик коммунисттик жаштар союзунун катарына өтүп,
  • 1925-27-ж. Арым комсомолдук ячейкасынын катчысы,
  • 1927-31-ж. Кетментөбө райондук аткаруу комитетинин катчысы, Кетментөбө райондук комсомол комитетинде бөлүм башчы,
  • 1-секретары, партиянын райондук комитетинин бөлүм башчысы,
  • 1935-ж. 53-кыргыз аймактык кавалерия полкунда саясий бөлүмдүн жетекчиси,
  • 1939-41-ж. партиянын Токтогул райондук комитетинде аскердик бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.
  • 1943-50-ж. Токтогул райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы, партиянын Алабука райондук комитетинин аскердик бөлүмүнүн башчысы, партиянын Жалал-Абад облустук комитетинин инструктору, бөлүм башчысынын орун басары,
  • 1950-жылдан облустук «Коммунизм Туусу» гезитинде бөлүм башчы, редактордун орун басары, Ленин райондук гезитинин редактору, Токтогул райондук «Ленин осуяты» редактору болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5