Сөөктүн муундан чыгышы

Wikipedia дан
Жамбаш муунунан сөөктүн чыгышы (ортодо). Солдо салыштыруу үчүн соо муун бернлген: оңдо — жамбаш мууну чыккаңдагы буттун мүнөздүү абалы.
Ийин муунунан сөөктүн чыгышынын схемалык көрсөтүлүшү (ортоңку сүрөт). Солдо салыштыруу үчүн соо ийин мууну берилген; оңдо ийиндин деформацияланышы жана ийин мууну чыкканда колдун мүнөздүү көрүнүшү.

Сөөктүн муундан чыгышы — катуу күчтүн таасиринен жиликтин башы муундан тайып, кайра ордуна түшпөй калышы.

Түрлөрү[оңдоо]

Анын тубаса (түйүлдүктүн муундарынын, көбүнчө жамбаштын туура эмес өсүшүнөн) жана кийин пайда болгон (кокустук кырсыктын же кандайдыр бир оорунун кесепетинен) түрү бар.

Сөөктүн муундан чыгышы[оңдоо]

Кырсыктан болгон сөөктүн муундан чыгышы көп кездешет. Өтө катуу күч таасир эткенде жиликтин аштоо жери тайып, адегенде муунду бириктирип турган муун кабыгы (капсула) жарылып кетет, андан соң эки сөөктү кармаган тарамыштар, булчуң эттер создугуп, чоюлуп барып үзүлүп, жиликтин башы муундан чыгып, кээде анын бир жак башы кетилип сынып калат. Сөөктүн муундан чыгышында сөөктүн башын кайра ордуна салгандан кийин ошол жарылган муун кабыкчасы, тарамыштар, булчуң эттер толук бүтмөйүнчө орто эсеп менен 21 күн гипстеп кыймылдатпай таңылат. Себеби ички жарасы бүтө электе муунду кыймылдатканда кайра чыгып кетет да, муун «ойноок» болуп калат. Сөөктүн муундан чыгышы толук жана жарым-жартылай болот. Толук чыгып кетүү — жиликтин башынын бүт бойдон муундан ажырап калышы; ал эми кээде жиликтин башы жарым-жартылай гана тайып калышы байкалат. Ал 20—50 жаштардагы эркектерде көп кездешет. Кичине балдарда (10 жашка чейин) сөөктүн муундан чыгышы өтө эле сейрек жолугат, себеби алардын муун кабыктары жана муунга байланыштыруучу тарамыш, булчуң эттери чыйрак келет. Ал эми улгайгандарда аз кездешет, алардын сөөктөрү морт келип, муундан чыкпай эле сынып кетет.

Муун чыгышы2.jpg

Күң жиликтин муундан чыгып кетүүсү[оңдоо]

Күң жиликтин муундан чыгып кетүүсү айрыкча көп кезигет. Анын далы менен ашташкан жери жумуру-тоголок келип, укуругу эң эле кыска болгондуктан бардык багытка бирдей кыймылдай алат да, далынын ашташкан чуңкуру тайыз келет. Күң жиликтин башы далыга терең кирип орун албагандыктан, кол менен таяна жыгылганда жиликтин башы чыгып кетет. Бул учурда чыккан муун катуу ооруйт; чыккан кол сыртка карап, киши соо колу менен чыккан колду чыканактап өйдө көтөрө кармап, моюнун ошол жакка кыйшайтып турат. Ошондой эле кол менен кармалап көргөндө күң жиликтин башы бултуюп чыккандыгы байкалат. Кол ошол муундан кыймылдабай калат. Мында колду жоолук менен моюнга асып, врачка кайрылуу керек. Чыккан жиликти ордуна салуу үчүн адегенде наркоз берилет. Эгер наркоз берүүгө болбосо, чыккан муунга оорутпоочу дары куюлат да, түрдүү ыкма менен ордуна салынат.

Кар жиликтин чыканак муунунан чыгып кетүүсү[оңдоо]

Кар жиликтин чыканак муунунан чыгып кетүүсү да көп кезигет. Чыканак мууну үч сөөктүн учу биригип, бир кабыкчада жайгашкандыктан татаал муун болот. Көп учурда кар жиликтин эки сөөгү тең — айрыкча артка тайып чыгып кеткени байкалат. Бул учурда муун катуу ооруйт, чыканактын сырткы түрү өзгөрүлүп, кыймылдабай калат, кар жилик кыскаргансып көрүнөт. Мында манжалардын сезгичтигин текшерүү зарыл, себеби кан тамыр менен нервдер кысылып калып манжалар көгөрүп чыгышы ыктымал. Балдардын колунан олдоксон тартып койсо эле күң жилиги чыгып кетет. Колду жоолук менен моюнга асып, врачка кайрылуу керек.

Кол манжалары чыгып кетүүсү[оңдоо]

Кол манжалары чыгып кеткенде катуу ооруйт, кыймылдабай калат. Көбүнчө баш бармак көп чыгат. Эгерде териси да жабыркаса, биринчи жардам көрсөтүүдө асептикалык таңгак менен таңылат. Сырты жабыркабаса кебезди калың коюп таңып, ооруканага жеткирилет.

Кашка жиликтин чыгып кетүүсү[оңдоо]

Кашка жиликтин чыгып кетүүсү аз кезигет, себеби кашка жиликтин укуругу узунураак, ал эми жамбаштын аштоосу терең келгендиктен жиликтин башы толук бойдон кирип турат. Катуу күч таасир эткенде көбүнчө артка карай чыгып кетет да, жамбаш сөөгүнүн жилик жаткан чуңкурунун арткы четин кошо сындыра кетет. Кээ бир учурда астыга же төмөн жакка да чыгат. Бул учурда муун катуу ооруйт, жамбаш менен кашка жиликтин аштоосу дөмпөйүп чыгат, бут ичке кирип тизе бүгүлүп, кыймылдабай калат. Мында алгачкы жардам берүүдө даяр зым шакшак менен таңуу керек. Эгерде шакшак болбосо жабыркаган бутка соо бутту таңып коюп (Иммобилизация). чалкасынан замбилге жаткырып, ооруканага жеткирилет.

Жото жиликтин тизе муунунан чыгып кетүүсү[оңдоо]

Жото жиликтин тизе муунунан чыгып кетүүсү сейрек кезигет, бирок бул эң оор майыптыкка алып келет. Себеби жото жилик менен кашка жиликтин аштоосун бириктирген бекем жана өтө чыйрак кайчылаш эки тарамыш, муун кабыкчасы, тизенин эки капталындагы тарамыштар үзүлүп кетет; мында операция жасоого туура келет.

Акыректин далы жак башынын толук жана жарым-жартылай чыгышы[оңдоо]

Акыректин далы жак башынын толук жана жарым-жартылай чыгышы да көп кезигет. Бул ийинди баса жыгылганда болот.

Астыңкы жаактын эки жагы тең чыгып кетиши[оңдоо]

Астыңкы жаактын эки жагы тең чыгып кетиши мүмкүн. Оозду өтө чоң ачканда (эстегенде, чоң нерсе тиштегенде жана башкалар) чыгат. Оозду чоң ачып турганда ээкти бир аз уруп койсо эле жаак чыгып кетиши мүмкүн. Жаактын эки жагы тең чыгып кеткенде оозу ачылып, ээги алдын карай тартылып калат, сүйлөө жана жутуу кыйындайт. Бул учурда ачылган оозду даки же жоолук менен' байлап, ооруканага жеткирилет.

Бир эле муундун эки же андан көп жолу кайталанып чыгышы[оңдоо]

Бир эле муундун эки же андан көп жолу кайталанып чыгышы «ойноок» деп аталат. Мындай сөөктүн муундан чыгышынын кайталанышы айрыкча күң жиликтин далы менен болгон аштоосунда көп кезигет. Себеби биринчи жолу чыкканда ордуна салууда жакшылап гипстелбей же гипс таңууну эрте алып коюудан же чыккан жердин ички жарааты бүтө электе кандайдыр бир кырсыктын кесепетинен муун кайра чыгып кетет. Кээде 10—15 жолу, ал эми айрым ооруларда канча чыкканы эсепсиз болот, айрым учурда уктап жатканда да чыгып кетиши мүмкүн. Бул учурда оорулуу өзү же жакындары чыккан муунду салууга үйрөнүп алышат. «Ойноок» кол операциялык жол менен гана кайра калыбына келтирилет.

Сөөктүн муундан чыгышынын тубаса түрү[оңдоо]

Сөөктүн муундан чыгышынын тубаса түрү кашка жиликтин жамбаш аштоосунда көп кезигет. Себептери толук изилдене элек. Бала төрөлгөндө эле кашка жилиги тубаса чыгып төрөлбөйт, адегенде кичине гана болор-болбос жиликтин башы тайып турат, баланы туура эмес ороодон (эки бутту бириктирип куушура таңуудан) ал муундан биротоло чыгып кетет. Сөөктүн муундан чыгышынын бул түрү оор төрөттө да болушу мүмкүн. Мындай чыгып кетүүнү бала төрөлгөндөн кийин 6—7 күндө төрөт үйүндө эле байкоого болот. Ал үчүн врач жана медсестралар баланы кылдат кароого тийиш. Баланын эки бутун талтайта ачканда майып жагы көп ачыла бербейт, ал эми таза жагы толук бойдон ачылат; ошол кезде жиликтин башын кол менен акырын ныкып койсо «кырт» этип ордуна түшүп, ал эми колду кайра алса «кырт» этип чыгып кеткени байкалат. Эки бутту теңештирип көрсө чыккан жагы кыска болуп көрүнөт. Оролбой бош уктап жаткан баланын бут кетмени сыртка толгонуп ошол жак такымычын бырыштары көбүрөөк болот. Кээде тубаса сөөктүн муундан чыгышы бала баса баштаганда байкалат. Тубаса сөөктүн муундан чыгышы эрте байкалса операциясыз эле оңдоого болот. Ал эми кеч байкалса (2 жаш чамасында) операция жасалып гана оңдолот.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8