Табит (аппетит)

Wikipedia дан

Табит (аппетит) — киши организминин белгилүү тамакты ичүүнү каалашы. Көп убакыт тамак ичпөөдөн табит ачкалыкка өтөт. Табит борбордук нерв системасынын белгилүү бөлүктөрүнүн козголуусунун натыйжасында пайда болуп, шилекей, тамак сиңирүү маңыздардын бөлүнүп чыгуусун, карын-ичеги жолунун перистальтикасын күчөтүп, тамак сиңирүү органдарын тамакты кабыл алууга даярдайт. Даамдуу даярдалган тамак, анын сырткы көрүнүшү, жыты, дасторкондун кооз даярдалышы табитти күчөтөт. Тескерисинче тамактын жагымсыз түрү, жыты, жагымсыз абал табитти начарлатып, тамак сиңирүү органдарынын ишине терс таасир тийгизет. Тамактануу эрежесин туура сактаган адамдардын организми тамак сиңирүү маңызын белгилүү мезгилде жана белгилүү өлчөмдө бөлүп чыгарууга ыңгайланат. Тамактануу эрежесин бузуу, тамактануу мезгилинде ар кандай алагды кылуучу факторлор табиттин бузулушуна, ичеги-карын жолунун жана зат алмашуу ооруларына алып келет. Өтө чарчоо, иштеги жана үйдөгү тынчсыздык табитти начарлатышы ыктымал. Кээде балдардын көнүмүш тамактануусун бузганда, рационго жаңы тамактарды киргизгенде алардын табити начарлайт. Табиттин такыр жок болушу же такыр тойбой, тынымсыз тамак жегиси келүү түрдүү оорулардын белгиси болот. Мындай учурларда сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | edit source]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8