Табу

Wikipedia дан

Табу (полинезия тилинде) — диний түшүнүктөргө жана үрп-адатка байланыштуу кайсы бир буюмдарды колдонууга, атын атоого тыюу салуу, айрым түшүнүктордү өз аты менен атабастан, ордуна башка сөздү колдонуу. Мисалы: «чечек» дегендин ордуна «улуу тумоо», «чыйкан» дегендин ордуна «сыздоок», «карышкыр» дегендин ордуна «улума» деген сыяктуу сөздөрдү колдонуу. Табу маданий өнүгүшү артта калган элдердин тилинде көп учураган, көбүнчө, диний, мифологиялык тыюулардан келип чыгат.

Булак: http://kyrgyzinfo.ru