Табылдиев Тынычбек

Википедия дан

Табылдиев Тынычбек (1955-ж. т., Өзгөрүш айылы) - коомдук, мамлекеттик ишмер;Кыргыз Республикасынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. [[Кыргыз ССР Жогорку Совети]]нин 2 жолку депутаты (1985-90; 1990-94). Фрунзе политехникалык институ тун (1977), КПСС БКга караштуу Коомдук илимдер академиясын (1991) бүткөн.

  • 1977-80-ж. Ош облустук темир-бетон буюмдарын чыгаруучу заводдун мастери, цехтин начальниги,
  • 1981-86-ж. комсомолдун Жалал-Абад шаардык, Ош облустук комитетинин 1секретары,
  • 1986-87-ж. Москва шаарында бүткүл союздук жаштар союзунун борбордук комитетинин жооптуу кызматкери,
  • 1987-жылдан Кыргызстан ЛКЖС БКнын 1секретары болуп иштеген.
  • 199091-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасы,
  • 1991-ж. Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасынын орун басары,
  • 1992-93-ж. «Кыргызкурулуш» концернинин төрагасынын түштүк аймагы боюнча орун басары, «Жалал-Абад курулуш» акционердик коомунун президенти,
  • 1994-96-ж. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы,
  • 1996-2000-ж. Кыргыз Республикасынын билим, илим жана маданият министринин орун басары. 2000-2001-ж. Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, 2001-2003-ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы, КМШдагы курулушчулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын курулушчулар союзунун президенти. 2003-жылдан “Алга, Кыргызстан” саясий партиясынын жооптуу кызматкери.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5