Тайчик уулу Көпөс

Википедия дан

Тайчик уулу Көпөс (1900-1982) — зергер. Нарын өрөөнүндөгү Эки-Нарында төрөлгөн.

Атактуу Айтмамбет устанын чөбөрөсү. Чеберчилигин эрте баштаган. Устачылыкты агасы Осмондон үйрөнгөн. Кийин Нарын районунун Ленин атындагы колхозунун устаканасын кармаган. Көпөс учурунда күмүш буюмдарынан сырткары кара темирчиликти ийине келтирген. Анын тулга, үч мара, депкир, кычкач, бычак өңдүү буюмдарынан сырткары каңдаган, % даган, жалаткан, кепшерлеген идиш-аяктары айыл ичинде сакталган. Патефон жасаган. Кадимки фанерадан же жыгачтан жонуп тегиздеп, патефондун сандыгына узанган. Анын пружинасы үчүн чалгынын мизин чыңап, аны ширелге ороп олтуруп, өз ийине келтирген. Көпөс уста темир тегин жана анын ички касиеттерин, баарынан да аларды сугарууну, талтоону, ширетүүнү мыкты билген. «Көлөс устадай темир комуз жасоо чанда гана усталардын колунан келээр эле», - дейт шекити Мамбетов Асанакун. Көпөс кийин жалаң ат жабдыктарын кармаган. Анын шөкөттөрү менен сынпостору эки-нарындык моңолдор элине гана таандык өзүнчө түспөлдү түзүп, уста ошол бабаларынын салттуу өнөрүн изден тайбай улаган чебер катары эли-журтуна таанылган. Ал шөкөттөрүн куйма аркылуу жасаган. Көнгө, булгаарыга наар түшүргөн, шири идиштерине чийме-сынпос берген. Мындай касиет Дөөтүнүн кан жолун билдирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0