Такта

Википедия дан

1) Үй эмеректеринин бири. Бул боз үйдө жүк жыюуга ылайыкталган, жыгачтан жасалган текче. Ага кыска бут жасалат. (50 см дей.) Узуну жүктөгү жууркандын бир кертиминдей болот. Көчмөн турмушта боз үйдөгү жууркан-төшөктү таза кармоого жана тыкандап жыюуга шартташкан.

2) Сабаа тактанын жасалышы төр тактадай эле болот. Бийиктиги 45—50 см, туурасы 80—90, 100— 150 см ге чейин жетет. Төр тактасы менен сабаа тактасы «жонуу», «кыруу», «сүртүү», «оюм түшүрүү» колдору аркылуу бүтөт. Жыгаччы өзүнүн чеберчилигин аркалап, бул такталарга да көркөм оюм-чийим түшүрө алышат. Ал түшкөн кооздук боз үйдүн кааласындай «табакча — табакча» сыяктуу көрүнбөй, «жалпы оюмдай» ичке болот. Мында оюм өөн бучкаксыз келтирилет. «Кыял», «мүйүз», «карга тырмак» оюмдары мындай эни тайкы тактай бетинен таамай көрүнөт. Жыгач оюм-чийимдери жумуруланып, балык жондонуп кетет. Ал жыгач улам эскирген сайын жүзүнө чыгат. Төтөн, жаңгак, өрүк өңдүү жемиш бактарынын жыгачынан кармалган буюм бара-бара баштапкы абалынан танып, өзүнчө өзгөрмөлүү касиетке ээ болот. Ошондуктан, жыгачка кадимки аңимилин боегун коюу жабуунун мында кажаты жок. Такта буюмдардын маңдай бети көркөмдөлөт. Көбүнчө килем, шалча өңдүү согулган жана токулган буюмдар жабылгандыктан жүк такталар көркөм оюмсуз эле жасалышы ыктымал.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)