Талаа тажрыйбасы

Википедия дан

Талаа тажрыйбасы - шартка жана өстүрүү технологиясына карата айыл чарба өсүмдүгүнүн түшүмдүүлүгүн, сапатын ж. б. касиетин аныктоо максатында талаа шартында тажрыйба коюу; агрономиялык изилдөөнүн туру.

Талаа тажрыйбасы вариантынын санын, кайталанышын, аянтын, тилкенин түрүн жана формасын, участкага жайгашуусун, түшүм эсептоо ыгын белгилеген атайын методикага негизделет. Талаа тажрыйбасынын тыянагы - айыл чарба өндүрүшүнө жаңы агротех. ыкмаларды, сортторду киргизүүнүн негизи. Талаа тажрыйбасы кадимки айыл чарба өндүрүшүнүн шартында жүргүзүлүшү керек. Так тыянак алуу үчүн Талаа тажрыйбасы кеминде 4 жолу кайталанат. Тажрыйба коюлчу жердин рельефи жана топурагы, которуштуруд эгүү, жер семирткич чачуу бардык тилкеде бирдеи болуусу зарыл. Участканын көлөмү тилкенин чоңдугуна, варианттын санына, кайталанышына жараша болот. Тилке көбүнчө чарчы же түз бурчтуу болуп, 56-200 м2ди (кээде 300 м2) ээлейт. Тилкелер бири бирине улана жаигаштырылып, жээктерине жолчолор салынат да, түшүмдү бөлөк-бөлөк жыйноого ыңгайланат. Анда өсүмдүктүн өсүү динамикасы, топурак абалы, аба шарты байкалып турат. Тилкедеги түшүм жадны эсептөө жолу менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.