Тароменане

Википедия дан

ТароменанеЭквадордун чыгышындагы Ясуни улуттук паркында жашаган аз сандуу индей эли. Цивилизация менен байланыштан (контакттан) баш тартат. Тагари эли менен бирге алар ыктыярдуу обочолонуп жашаган Эквадордун акыркы эки этникалык тобун түзөт.
Тароменане тили ваорани тили менен алыскы байланышы бар деп эсептелинет.
Сельвада (джунглиде) дагы эле көчмөн турмушта жашап жаткан тароменанелердин саны болжол менен 200-300 кишиге жетет. Аңчылык жана жыйноочулук менен алектенишет. Күбөлөрдүн айтымында, тораменанелердин денеси жыш, буттары кыска, ачык тери. Абдан мобилдүү жана жашыруун болушат. Токой жолдорунда (жашаган жерлеринен алыс эмес жерде), алар атайылап найзаларын кайчылаштырып калтырып кетишет. Бул алардын эч ким менен байланышкысы келбейт дегенди билдирет.
Акыркы убакта аймактагы мунай кендерин иштетүүлөр жана токойду мыйзамсыз кыюлар тароменане элинин коопсуздугуна коркунуч жаратууда. 2008-жылы февраль айында мыйзамсыз бак кыюучулар тарабынан тагари жана тароменане элдеринин 5 өкүлү өлтүрүлгөн.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]