Таштулга, сегиз таш

Википедия дан

Таштулга, сегиз таш – эрте темир доорунун алгачкы мезгилине (б. з. ч. 8–4-к.) таандык, адам каза болгондон кийин ар кандай ырымдар аткарылуучу жай, тарыхый-археологиялык эстелик. Көбүнчө алар сегиз таштан турган, диаметри 7 мге жеткен тегерек коргончолор. Алардын өз алдынча тизмектешип жайгашкан же түздөн-түз көрүстөн менен байланышкан түрлөрү кездешет. Эң көрүнүктүүсү Соңкөлдөгү Таштулга комплекси. Ушул сыяктуу эстеликтер Атбашынын Кичиача жергесинде кездешип, андан колодон жасалган жүгөндүн тогоолору, ооздуктар жана бычак табылган. Мындай эстеликтер Алтайда жана Казакстанда кездешет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.