Теберда коругу

Википедия дан

Теберда коругу Чоң Кавказ тоосунун түндүк капталында жайгашкан.

Анын Теберда жана Чоң Зеленчук дарыясынын алкымында 2 участкасы бар. Коруктун жалпы аянты 83,13 миңга. 1936-ж. тоо токойлорунун жана тоо шалбааларынын табигый комплекстерин коргоо жана изилдөө үчүн түзүлгөн. Анда бийик чокулар, мөңгүлөр, көлмөлөр бар. Суу бойлору менен тоо капталдарындагы ийне жана жазы жалбырактуу токойлордо карагай, жемиштүү тисс, бийик тоодогу наштар жалбырактуу мөлмөл зараң, бук, Кавказ рододендрон ж. б. өсөт. 2200- 2500 м бийикте субальп шалбаалары бар. Жаныбарлары: Кавказ текеси, Кавказ бугусу, элик, каман, суусар, мадыл, улар, кекилик, чил ж. б. Алтайдан алып келинген тыйын чычкандар байырлашып көбөйүүдө.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.